Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаңыл Мырзанын эпостогу образы

Баш барак | Адабият | Жаңыл Мырзанын эпостогу образы

"Жаңыл Мырза" элдик поэмалардын ичинен баатырдык мүнөздөгү чыгарма. Башкы каарман эл бийлеген Жаңыл атгуу баатыр кыз болгондуктан, анын ысымына "мырза" деген эпитет кошулган. Ыбырай Абдрахмановдун варианты боюнча 1967-жылы 2651 саптан турган поэмасы жарык көргөн. Чыгармадагы сюжет кыргыздардын байыркы турмушунан алынган. Кыз болсо да эл үчүн күйүп-бышкан, эл башкарган Жаңылга "Мырза", "эр" деген ат куп жарашат. Өзүнүн эр жүрөктүгү (храбростью), акылы менен бүткүл уруунун ишеничине татып, анын тагдырын аркалаган (взваливать на себя) Жаңыл Мырза калмактарды жеңип, элине тынчтык, теңдик (справедливость) алып берет. Ал чыныгы баатыр катары, ал кыргыз урууларынын ички конфликтерине да катышат, башкача айтканда, анын күрөшү да эки тараптуу жүрөт. Кыз да болсо өз уруусунун намысын (честъ) коргоп, жеке тагдырын, өмүрүн өлүмгө байлап кызматын кылат. Азаматтан калышпаган эр жүрөктүгү, көзгө атар мергендиги аялзатына таандык калыстык, боорукердик, ак көңүлдүк, туруктуулук өңдүү жакшы сапаттары менен белгилүү. Ал канчалык эр жүрөк, өз күчүнө ишенген баатыр болсо да жаманчылыкка баргысы келбейт. Кыздын жүрөгү баатырдыкты да, сулуулукту да жактырат. Өзүнө ылайыктуу жар күтүп, урууларды ынтымакташтыруу максаты да бар. Кашкарды чаап караткан баатыр кызды адам катары урматгап, колун сураганга жарабаган Түлкүнүн кылык-жоругу Жаңылдын намысына тиет. Адамдык нарк (цена) жогору турарын айгинелеген (дока зывающий) Жаңыл Үчүкө, Түлкүнү катуу жазалайт. Өз барк-баасын билген, өз күчүнө ишенген баатыр кыздын жүрөгү аялсынтып кордогон суук сөздү кечире албайт. Оройлукка ок менен жооп кайтарат. Уруу башчыларынын Жаңылга жасаган мамилесинен кыргыз аялдарынын коомдогу жана үй-бүлөдөгү теңсиздикте, көз каранды, басынган абалда жашагандыгы сезилип, ага карата Жаңылдын тынымсыз каршылык көрсөткөнү аркылуу патриархалдык-феодалдык түзүлүштүн терс жактары ачылат. Түлкү мырза Жаңылдын кабарын алыстан угуп, чындап эле жактырып калса да, аны тарбиялап өстүргөн коомдун моралына ылайык кызды үстүртөн, кемсинтип карайт. Ал канчалык акылдуу, жүрөктүү ж. б. деп саналганда да уруучул коомдогу куру намыстын (кулак в карманё) гана курманы болуп кала берет. Ал эми "Жаңыл Мырза" качан болбосун эрдиктин, чечкиндүүлүктүн чыныгы үлгүсү катары жашоосун токтотпойт. Адам деген бийик даражаны алып, элинин бак-таалайын ойлогондор качан болбосун элдин көңүлүндө сакталып, кийинки урпактар үчүн үлгү катары айтылат. Бул жагынан алганда Жаңыл Мырза эпикалык каарман болсо да ошондой милдетти түбөлүк аткарат. Душмандар аны өлтүрүү үчүн жолборс менен кармаштырат. Анан жетимиш жаштагы Калматай бийге алып беришет. Калматайдын кыйноосуна чыдайт. Бирок, баатыр кыздын туткун болуусу өлүм менен барабар. Ошондуктан, ал өз элине качат. Элин баскынчылыктын туткунунан бошотот.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 17663, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу