Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана текечер

Бул биримдик окуяларга, сезимдерге жана идеяларга жемиштүү болушу мүмкүн, бирок ошону менен бирге жеңил эмес көрүнүшү мүмкүн. Жаачылар үчүн Терчерлер кандайдыр бир устат катары болот. Ал сезимдерди жана ойлорду кантип туура колдонууну көрсөтөт. Жаачылар өз түгөйүнө тууралана баштайт, анткени аларга туруктуулук жана тактык жагымдуу. Бирок бул түгөйлөрдүн өзүн алып жүрүүсү жана баалуулуктары дээрлик карама-каршы, жана булардын ар бири бул мамиледе өзүнө пайдалууну гана алышы мүмкүн. Сексуалдык жактан башында бири-бирине абдан катуу тартылуу пайда болот, бирок бир нече убакыттан кийин Жаачыларда жаңы талаптар пайда болуп, Текечерлерди жаңы нерселерге умтулуусунун жоктугу үчүн кыйкымдай байштайт.



Текечерлер менен баарлашууда өз пландарынарды ачууга аракет кылып, фантазиянарды Текечерлер тарабынан ишке ашыра алаарын көрсөтүү зарыл. Пландарынарга оңдоолорду жана Текечерлердин өз идеяларын киргизүүгө мүмкүндүк берүү абзель. Ошондо силердин фантазиянардын так аткарылуусуна өзүңөр жагымдуу таң калууда болосунар.



Эгер Текечерлер Жаачыларды кызыктырууну кааласа, чыдамдуу болуп, биринчи кадамдарды жасоодон алыс болуу керек. Эгер окуялардын табигый өнүгүүсүнө жол берсеңер, жакшы жыйынтыктарга жетүү мүмкүн. Жалпы кызыкчылыктарды табып, акырындык менен жакшы дос болууга аракет кылгыла, ошондо Жаачылар сизди жоктой баштайт. Эгер жакшы жан-дос мамилелер түзүлсө, ушундай учурда гана жакшы сүйүү мамилелери курула баштайт.



Жаачылар үйдө жандуулукту жактырат, ошондуктан мындай үйдө тыкаттуулук аз болот. Ошондой эле булардын күндүзү болобу же түнү болобу, байкатпай келип үйдү басып калуучу достору көп.



Жаачыларды кармап калуу үчүн, аларга эркиндик берип, түбөлүк устаты жана досу болуп, бардык жактан колдоп жана баарынан жакшы билүү укугун бекемдөө зарыл. Ошону менен бирге буларды кызганууга такыр болбойт - анткени, узак убакыт бою жетишүүгө умтулган мамиленерди бузуп алууга шарт жаралат.



Эгер Текечерлер, дөөлөттүү экенин ишендире алса, берген убадаларын аткарып, дос катары ийгиликке түрткү боло алса, анда булар Жаачылардын сезимдеринин объектисине айланат.



Бирок бирөөнүн жашоо шарты экинчисинин тиричилик аракетинен айырмаланып турат. Жаачылар Текечерлерди формалист жана жадатма адам катары кабыл алат, ал эми Текечерлер Жаачылардын үйдө отурушуна аракет кыла берет, башкача айтканда чектөө иштерин жүргүзөт. Бул экөөнө үй-тиричилик жаатында күрөшүүлөр камсыз болуп турат десек жаңылбайбыз, ошондой эле мүдөөлүк айырмачылыктар да тынчтык бербейт.



Булар ушунча ар башка болуп, ушунусу менен бири-бирине тартылышы мүмкүн. Жаачылар никеге турдуулукту жана шайырлыкты алып келет, ал эми Текечерлер өз жагынан туруктуулукту жана жайлуулукту.



Жаачылар менен Текечерлер биримдикте бирде жыргашып, бирде ыйлашат. Жана бул мамилелер чоң кубаттуулукту жана чыдамдуулукту талап кылат. Бирок бул баарынын эле колунан келе бербейт. Бул түгөйлөр дайыма суу үстүндө сүзүп жүрө албайт. Өмүр бою санаа тартпоо үчүн буларга өзгөрүүлөр зарыл. Сүйүү бул - кээде жүрүп, кээде токтоп калуучу саат сыяктуу...

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1558, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо