Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана тараза

Бул белгидеги түгөйлөр күнүгө достор жана сүйүүчүлөр аттуу кылыч мизинде басып жүрүшөт. Сүйүү жаатында болсо Жаачылар чогу басууга ыңгайлуу болгон жолду тандайт. Таразалар болсо, багыттын туура тандалгандыгын текшерет. Бул биримдикте Жаачы өзүн башчы деп эсептейт. Таразалар болсо, өзүн инициатор катары көрсөтөт.



Жаачы менен Таразалар дайыма жакшы дос боло алышат. Үй иштерин жүргүзүү аларга оңой болот. Ошол эле убакта Жаачыга Таразалардын жакшы ишке кыялдануусу же мамиледе өзүнүн меркантилдүүлүгүн көрсөтүүсүнө баш ийүү оор болот.



Ал эми Таразалар болсо, өнөктөшүнүн тынчсызданган мүнөзүн дайыма эле түшүнө бербейт, жана бул көп учурда санааларга алып келиши мүмкүн, муну менен бирге акыр аягы булар жалгыздыкты тандап, же жоролгону жана түшүнүүнү башка адамдан издеп кетүүсү мүмкүн. Таразалар адамдардан түшүнүүнү, жактырууну табууга аракет кылат, ошондуктан өзүнүн ою боюнча, башкаларга жагуучу нерселерди жасоого аракеттенет.



Таразалар үчүн Жаачылар кең көз караштагы адам болуп саналат. Жаачыларга кайрылсак, жалпысынан аларга Таразалар жагат, алардын өзүнө тиешелүү мыскылы, жайлуулугу бакытка болгон көз карашына ылайык келет. Чыныгы сүйүү мамилелери курмандыкты талап кылаарын Жаачылар түшүнүп, өз принциптеринен баш тартууга аргасыз болушат.



Бул түгөйдүн катышуучуларынын социалдык активдүүлүккө умтулуусу - булардын кемчилиги болуп, бирок, ошол эле убакта мүдөөлүк планда эң жакшы өнүгүүгө жетишип, өзүлөрүнө жаны бийиктиктерди жана жаны билимдерди ачышат. Жана бул мүдөөнү эч нерсеге карабай сактап калуу зарыл.



Үй-бүлөө мамилелерине кайрылсак, бул жаатта Таразаларга үй-тиричилиги боюнча бүт жоопкерчиликти өз моюнуна алууга аргасыз, эгер алар мындайдан чарчаса, булардын никеси аягына чыгат. "Бири-бирибизе туура келебизби?" - деп баш оорутуунун, күмөндөрдүн баарын четке кагуу зарыл. Анткени чечкинсиздик бул түгөйдүн ар биринде жетиштүү.



Жолдон чыгып кетпей, бир калыпта кармалуу үчүн, Таразаларга искусство менен кызыгып, башка адамдарга достук мамиледе болуу зарыл, ошону менен бирге сөзсүз импозанттуурак болуу керек.



Бул экөө бири-бири менен уруш-талашууларын токтотууга аракет кылышы керек. Компромисстерди издеп жана маселелерде оптималдуу чечимдерди табууга үйрөнүү абзель. Бирок, дайыма эле бирге бир боло бербейт. Чыгармачылык биримдикте бардыгы ойлогондой эмес, бирок, бул биримдик туруктуу болушу мүмкүн, достошуп жана биргелешкен иштер менен иштөөгө болот эмес, керек же зарыл десек туура болоор!



Айымдар жана Мырзалар арасындагы достук мамилелер сексуалдык мамилелерге дайыма жаныланууларды алып келет. Чыныгы назиктикти Таразаларга дал ушул достук тартуулайт. Ал эми физикалык жакындыктар жыргалдыктын жана жеңилдик сезимин берет.



Сүйүү аттуу жаркын сезим, бул эки белгидеги адамдарды боорукер, назик кылып, болгон кыялданууларын ачууга жардам берет. Ошону менен бирге дүйнөнү кучагына алуу сезими пайда болот. Тараза менен Жаачылар башка зодиак белгилерине караганда бул сезимдерди жакшы көрсөтө алышат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1239, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо