Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана букачар

Ушунча ар түрдүү зодиак белгилери, туруксуз Жаачылар жана туруктуу Букачарлар. Жер менен От биримдиги деп койсок да болот.



Бул биримдикти сүйүү жана достук биримдиги дегендин ордуна, шериктештик биримдиги десек туура болот. Бирок эгер экөөңөр тең бекем үй-бүлөөлүк мамилелерди кааласанар, кырдаалдан алыстабай жоопкерчиликтерди, ролдорду жана үй-бүлөөдөгү укуктарды бөлүштүрүү жөнүндө сүйлөшүп алуу зарыл.



Айтып коюуу керек, айкалышуу мезгили эки эсе оор болот, өнөктөштөрдүн ар бири автоматтык түрдө экинчисинин адаттарына, кызыгууларына жана максаттарына чектөө коёт.



Бирок бул айырмачылыктар булардын өнүгүүсүнө жана өзгөрүүсүнө түрткү болуп калуусу мүмкүн: Букачарлар батыраак кыймылдаганга аракет жасай баштайт, Жаачылар болсо артка кайрылганды үйрөнөт. Үй-бүлөөдө болобу, жеке ишкердикте болобу, туура чечимдерди кабыл алуу үчүн, маселени бир нече жагынан карап чыгууну билүү маанилүү. Субъективдүү оптимизм жана объективдүү пессимизм эки чындыгынан, анык чындык жаралат, бирок бул чындык уруш-талаш аркылуу жаралаарына даяр болгула.



Албетте, эгер экөөңөр тең компромисстерге даяр эмес болсоңор - анда бул нике көпкө сакталбайт.



Үй-бүлөө жоопкерчилигинин жүгүн Букачарларга алып жүрүүгө туура келет. Булар жакын адамдары үчүн тоону тоңкорот. Жаачы болсо, бардык адамзатын бактылуу кылууга ийимдүү. А бул үй-бүлөөлүк жашоо үчүн пайдалуу сапаттардан эмес.



Жаачылар чыныгы ойнош - өзүнө абдан ишеничтүү жана аялдар арасында чоң популярдуулукка ээ. Бирок булар эч ким менен узак убакытка калбайт. Эркиндик - бул алардын башкы кредосу.



Букачардар - таш дубалдай. Мындай никенин маанилүү бөлүкчөсү, булардын фундаменти, Букачарлардын милдет сезими, жоопкерчилиги жана чыдамдуулугу болот.



Физикалык жакындыкка кайрылсак, бул жерде да кызыгуулардын карама-каршылыгы бар. Букачарлар сапатты жана узактыкты баалайт, ал эми Жаачыларга болсо пайда болгон таасирлер жана сандык көрсөткүчтөр маанилүү. Букачарларды убакыттын өтүшү менен өнөктөшүнүн баалуу буйруктары кыжырлантышы мүмкүн, өзгөчө төшөктө. Жаачыларды болсо өз учурунда, Букачарлардын жүрөгүнө жакын болгон жашоо ритминин өзгөрбөстүгү зээриктирип жиберет.



Ошого карабастан, силер бири-бириңерди жакшы түшүнөсүңөр, силердин темпераментинер окшош келет. Түгөйүңөрдүн наркы үчүн, бири-бириңердин кемчиликтеринерге көз жуумп турганда, силердин нике бактылуу жана бекем болот.



Бири-биринердин өткөн-кеткениңерди казбоого аракет жасагыла. Эсиңерде болсун, жашоо силердин кезигүүңөрдөн башталган, өткөн-кеткендерди унутуп, келечекке ишенимдүү көз чаптыргыла. Силер бир болосунар.



Эгер үй-бүлөө түзүүгө, бизнес-проект түзүүдөгүдөй көз карашта болсонор - бардыгы эң жакшы болот. Букачар жана Жаачы түгөйү кумар оюндарында, биржада абдан жолдуу.



Эгер эсеп туура жасалган болсо, эсеп аркылуу түзүлгөн нике абдан ийгиликтүү болот...

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1320, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо