Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана бөйөн

Бүл түгөйдүн жашоосу жетишээрлик оор. Албетте, мындай биримдик мүмкүн, бирок эгер, экөө тең жол берүүгө жана өзгөрө билүүнү үйрөнсө, анткени булардын ар кандай маселелерге өзүлөрүнүн жеке көз караштары бар.



Экоонун ортосундагы жакын мамилелер биринчи ирет Бөйөндөргө керек болот. Бирок башында бул мамилелер кайгы-капаны алып келиши мүмкүн, ошого карабастан, акыр-аягы өтө сезимталдуу болуунун кереги жок экенин түшүнүп, ошондой эле Жаачылар менен сүйлөшкөндөн кийин бироосүнүн капысынан аярлыгы жок айтылган пикирлер Бөйөндөргө комплимент сыяктуу болот.



Биргелешип жашоо менен, бул эки зодиак белгиси бир эмес бир нече жолу акча маселеси боюнча суроолор жаралат, а бул суроолор Жаачылардын чөнтөгүнөн чоң жыртыкты жаратат. Ал эми Бөйөндөр менен мындайлар сейрек болот, булар андан көрө оорчулуктан качып кутулуу аракетин жасайт. Бирок ошондой эле айтып коюуу керек, Жаачылар ар кандай кумар оюндарда жолдуу болот, мисалы: биржада.



Кээде Бөйөндөрдүн сезимталдуулугу жана аярлыгы Жаачылардын түз ачыктыгы менен жакшы айкалышты түзөт.



Бири-бирине болгон энергиялык көз карандылык күч-кубат берет, бирок кымындай алдамчылык, мамилелерди ууландырып, ажырашууга алып келет.



Бөйөндөр Жаачыларды сезимдери менен кызыктырып, Жаачылар Бөйөндөрдү өзүнүн ишеничи жана кубаты менен тартат. Бирге да мүмкүнсүз, өзүнчө болу да оор.



Жаачылар чыгармачыл Бөйөндөрдүн изденүүлөрүн оор кабыл алып, эркиндикке кол салуусундай болуп, түшүнбөй калышы мүмкүн. А бирок Жаачылардын кайрымдуулугун жана чыгармачылыгын Бөйөндөр өзүнүн ийгилигиндей жакшы кабыл алат.



Мындай нике нерв системасынын бузулушуна жана мүдөөлүк түйшүктөргө алып келиши мүмкүн. Башкаларга алмашуулар да болуп, ал гана эмес бул түгөйдүн кубаттуулугу жагынан алсыз биринин өлүмүнө да алып келиши мүмкүн.



Булардын романтик болгону эле буларды сактап калат, жана бул өз ара мамилелерди бекемдеши мүмкүн. Бирок булардын ар бири сүйүүнү өз билгендериндей санаа тартат. Бөйөндөрдү бактылуу кылуу үчүн Жаачыларга өзү сүйгөн укуктарга жана эркиндикке чектөө киргизүүгө туура келет. Убакыттын өтүшү менен ишенимдикке ээ болот. Бөйөндөргө болсо көбүрөөк эмоционалдык жакындык сезимин түзгөнгө аракет жасоо зарыл.



Ошондой эле бул биримдик эсеп-биримдиги болуп, эсептерди так жасоо керек: кандай курмандыктарга бара турганды жана бул ага татыктуубу дегендердин баарысын эсептеп, салмактап алуу зарыл. Антпесе да болбойт. Бул жакта же үй-бүлөө жана мамилелер, же карьера жана атак-даңк болот.



Жаачылар менен Бөйөндөрдүн биримдиги көп күч-кубатты талап кылат, бирок жакшы нерселер түйшүктүү эмгексиз берилбейт.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1572, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо