Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана балыктар

Бул зодиак белсинин өкүлдөрү бири-биринен асман менен жердей айырмаланып турат. Ошондуктан, булар профессионалдык маселелерди ийгилик менен чече алышат, бирок нике мамилелеринин эмгегине чыдай албайт, албетте, мүмкүн, ошондой болсо да сексуалдык тартылуулар бул түгөйдө абдан күчтүү болот.



Жаачылар Балыктар үчүн ийгиликтин символу, жана көп учурда дал ошондой болот. Булар түгөйүнүн максатына жетүүгө жардам кылуу үчүн, каалаган атакка умутулуу ойлорун колдойт, бирок көпчүлүк учурда моралдык эле колдоо болот.



Балыктар Жаачылар үчүн бул тыкаттык, үй жана салттуулук, жана Жаачылар кубануу менен бул жагымсыз иштерден четтеле алат. Балыктарды Жаачылардын аябай мамилечил мүнөзү, абдан достуктугу жана гипертрофировандалган оптимизми маанайын бузат. Ошондой эле булар Жаачылардын "чындыкты туурасынан кесүү" мүнөзүн, натыйжасын ойлонбой оор кабыл алат. Өз кезегинде, Балыктар өзүнүн оюнун жүргүзүп, сөздү аягына чейин айкын айтпаганга көнгөн, Жаачы болсо мунун баарын жон эле жалган деп кабыл алат. Анткени, Жаачыларга баарынан да чынчылдык маанилүү, Балыктар болсо болгон күч-кубаты менен эмоционалдык жоготуулардан качуу максатында андайдан алыс болууга аракет жасайт.



Жаачылар түгөйүнүн маанайынын дайыма алмашып туруусунан кыжырланат, ал эми Балыктар Жаачыларды андай кыжырлануулары үчүн сезими жок таш боор адам катары кабыл алат.



Ошондуктан мындай үй-бүлөөнүн ичинде дайыма достор жана биртуугандардын тегерегиндеги авторитет үчүн күрөш болот. Бекем никени, жалпы, бийик мүдөөлүк умтулууларга же бир максат үчүн бириккендик түзө алат.



Жаачылар Балыктардын жаралуулугун жана сезимталдуулугун эсепке алуусу зарыл, ал эми Балыктар өз таарынычтарын чогултуп, аны жалгыздыкта тергенди токтотуу керек.



Кимиси Жаачы белгисинин өкүлү экенин жана анын айырмачылыктарын карап чыгалы. Эгер Жаачылар мырза болсо, анда мамилелердин типтүү башаты блицкриг. Балык айымдар эсин жыйганга да жетишпей, жеңилип баш ийип, сүйүп калганын байкабай калат, жана убакыттын өтүшү менен гана кайда түшүп калганын түшүнөт. Эгер Жаачылар үй-бүлөөлүк бюджетти толтуруп турса, анда Балыктар да үй-бүлөөлүк арабага кошулат. Балыктар бай адамдарды жакшы көрүшөт, жана камсыз болгон адамдар менен дос болот.



Эгер Жаачылар айым жана Балыктар мырза болсо, анда булардын өз ара түшүнбөстүгүнүн жана уруштарынын себеби аялынын коомдогу бийиктикке умтулуусу болот, жана бул Балыктарды алардын иллюзия дүйнөсүнөн реалдуу дүйнөгө чыгарып, активдүү иштөөгө мажбур кылат. Бирок, бул учурда үй-бүлөө, мүмкүн, бекем болот, өзгөчө эгер Балыктар адабият, музыка же сүрөт искусствосу менен иш-алып барса.



Башында Жаачылар Балыктарды абдан курмардантуучу деп эсептейт, бирок андан соң кандайдыр бир бөлүнгөндүгүн жана салкындыгын байкай баштайт, а буга өз учурунда Балыктар сүйүүнүн физикалык жагына гана кызыгуу айыптоосу менен жооп кайтарат. Эгер булар бири-бирин түшүнүгө аракет жасаса, анда бул экөөнүн ортосундагы жакындык чыныгы сыйкырдуу болот, эгер андай болбосо, анда буларды алыстоолор жана жалгыздык күтөт. Бирок кызгануулар жана өзүмчүлдүк уруш-талаштардын сейрек себеби болот, анткени, экөө тең бирдей эркиндикти баалап, натурасы боюнча өзүмчүл эмес.



Эгер бул түгөйдө чындыгында сүйүү болсо, анда булар сөзсүз карама-каршылыктарын жеңүүгө жетишет; Жаачылар тактикалуу болуп, Балыктар болсо ачык жана түз мүнөздүү болууга жана өз сезимдерин көрсөтүүдө жөнөкөй болууга аракет жасайт. Балыктардын түгөйүнө камкордуу жана сезгич болууга Жаачылар жол бериши керек, ал эми Балыктар Жаачылардын оптимизмдигин жана дүйнөгө болгон чексиз көз карашынан кичине болсо да, өзүнө алса жакшы болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1803, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо