Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаачы жана арстан

Ооба, шексиз бул - эң жакшы биримдик. Мындай милелерде сүйүү да, шериктештик да, достук да бар. Жаачыларга өзүнө тең гана түгөй керек, жана булар жападан жалгыз Арстандарга гана баш иет. Жаачылар Арстандарды көптөгөн материалдык түйшүктөрдөн бошотуп, өзүнүн болгон берилгендигин жана акылдуулугун көрсөтөт. Бирок Жаачылар Арстандарга кул сыяктуу баш ие бербейт, башкача айтканда бул биримдик тең шериктештердин бири-бирин сыйлоосу болот. Арстандар үчүн Жаачылар бул - сүйүүнүн карааны, мүдөөлүк жана чыгармачылык өнүгүү. Жана өз учурунда Арстандар Жаачыларды жаңы ийгиликтерге түртөт. Булар эң сонун шериктештер жана достор. Булардын максаттары бирдей болушу мүмкүн, бирок Арстандарга жеке ийгилик керек. Ошондуктан Жаачыларга Арстандардын дайыма өсүп туруучу талаптарына айкалыша билүү зарыл.



Мамилелердин башталышында эле Жаачылар Арстандарды пьедесталга түртөт, жана бул орундан аны эч ким түшүрө албайт. Ал өзүнүн түгөйүнөн шек саноодон көрө, айыптоочуну жазалашы мүмкүн. Мындай назик мамилелер, албетте Арстандардын кадырын көтөрөт. Бирок Арстандар Жаачылар бекем ишенич жаратмайынча, барыбир аларга ишене бербейт. Арстандар мындай сүйүүгө баш оту менен кирип кетпейт, ошондуктан бул эки зодиак белгисинин өкүлдөрү көп убакытка чейин бири-бирин нике менен байлабайт.



Жаачылар чыныгы башкарылгыс мүнөзгө ээ, бирок булардын кыжырлануусу бат эле назиктик менен алмашып, туура эмес жасап алган кылык-жооруктарына чын дили менен өкүнөт. Ошону менен бирге Жаачылар дайыма түгөйүнүн кыжырын кантип басууну билип, аны түшүнүп жана кечирүүгө жетишээрлик кең пейилдикке ээ. Арстанга болсо кечирүү оор, жана кечирим суроо андан дагы оор, бирок Жаачылар аларды өкүнгөнүнө толук ишендирсе, Арстандар айкөлдүк менен аларга дагы бир мүмкүндүк берет.



Эгер булар өзүлөрүнүн башка тармактагы маселерин чечишсе, сексуалдык мамилелер бул түгөйдө эң сонун болот. Мамилелери сезимталдуу, кызыктуу жана ошол эле убакта назик болот. Эң башкысы, өзүнүн ачыктыгы жана чындыгы менен Жаачылар Арстандарды таарынтып албоо зарыл, эгер андай болсо, Арстандар Жаачыларды кабыл албай түбөлүк четтетип салат.



Эгер Жаачылар менен Арстандар компромисске баарууну үйрөнбөсө, үй-бүлөөлүк жашоодо көптөгөн түйшүктөр пайда болушу мүмкүн. Анткени, ар бири өз оюн туура да эсептеп, баш ийгиси келбейт. Эгер Жаачылар учурга айкалыша билсе, Арстандар баарыбир өз оюн менен болот.



Жаачылардын туруксуздугу, Арстандар менен салыштырмалуу, үй-бүлөөдө көптөгөн түйшүктөрдү жаратат. Анткени, бул экөө табияттан лидерлик сапаттарга ээ болуп, башкаруу менен баш ийүүнүн алтын ортосун табууга буларга кыйын болот. Анткени Жаачылар айтып жатканын толук туура деп эсептеп, ал эми Арстан болсо, өзү туура деген гана иш-аракетерди жасаганды жактырат.



Бирок, жалпысынан бул биримдик эки шериктертин жана пикирлештин биримдиги. Булардын жашоо максаттары бирдей жана булар бири-бирин негиздүү толуктап, ал максатка кантип жетүүнү билишет.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1667, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо