Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үч аркар

Баш барак | Башкалар | Үч аркар

Жер бүткөндө Толтой аттуу мерген болгон экен. Мунун мергендиги жумуру баштууда жок болуп, адистикте ок чыгарып, көз ирмеп атканын тегеле жазбаган экен. Бирок, Толтой мергенди тоотпогон капкайдан жыт алып, өңүткө жолотпогон айдан кыраакы "Үч аркар" бар экен.

Бир күнү Сары айгырын минип, мылтыгын алып, тайганын ээрчитип келе жатып Толтой мерген Үч аркарга жолугуп калат. Апыл-тапыл аттан түшүп, айгырды кең тушап, мылтыгын сундуруп шыкаалай калган экен. Аркарлар жыт алып, дыр коюп качат. Толтой мергендин тайганы кууп жөнөйт. Аркарлар: «Бул балакеттен куткара көр, жараткан!



» - деп тилек кылган экен. Жараткан тилегин кабыл алат. "Үч аркар" асманга учуп жөнөйт. Тайган да жаза буза бучкактап кошо жөнөйт. Толтой мерген да өңүттөн шыкаалаган боюнча учуп (мээлеп) калат. Тушоолуу Сары айгыры да алардын артынан учуп чыгат. Булардын баардыгы асманга барып жылдыз болуп, ошондон тарта түн бою ордун алмаштырып туруп калган экен.



Бул "Үч аркар" жөнүндөгү миф (аңыз) кыргыздардын жылдыздарды баамдоодогу дагы бир элестетүүсү болуп, жылдыздын аты да ошол мифтик баяндын түшүндүрмөсү боюнча коюлган.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 2091, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу