Бир жаш спортсмен өзү жүргүчтү (самокат) да, силкилдекти (костотряс) да, жөргөмүштү (паук) да, велосипедди да тебе алам деп мактаныптыр. Айтымына караганда аны төрт машинаны айдай алат экен деп ойлоого болот. Анын үчөө эң эле таң калыштуу машиналар. Бирок ал бала бир эле машинаны - кадимки эле велосипедди айтып жатыптыр. Көрсө велосипед ар кайсы убакта ар түрдүүчө жасалыптыр. Андыктан көрүнүшү ар түрдүүчө болуп, жаңысы жасалган сайын ар башка аталчу экен.
Россияда эки дөңгөлөктүү биринчи велосипедди Артомонов деген крепостной уста жасап, аны өзү жүргүч деп атаган. Бул чынында эле өзү жүргүч болгон. Анткени ага олтурган киши алдыңкы чоң дөңгөлөгүнө бекитилген педалын буту менен айлантса эле ал жүрүп кеткен. Андан кийин жыгачтан жасалган бирдей эки дөңгөлөгү темир алкак менен курчалган оор велосипед пайда болгон. Ал велосипеддин өзгөчөлүгүн силкилдек деп аталышы эле мүнөздөп турат. Андан кийин жөргөмүш пайда болгон. Анын дөңгөлөгү металлдан жасалып, алдыңкы дөңгөлөгүнүн бийиктиги адамдын боюндай болгон чарбактарынын көптүгү жөргөмүштүн желесин элестеткендиктен ал жөргөмүш деп аталган. Жөргөмүш 20 жылча колдонулган. Кийин анын ордуна түзүлүшү жана сырткы көрүнүшү азыркы велосипеддерге окшош жаңылары жасала баштаган.
Учурда көп өлкөлөрдүн калкы үчүн велосипед - эң ыңгайлуу транспорт. Велосипед менен жумушчулар завод-фабрикаларга, окуучулар мектепке, үй тиричилигине керектүү оокатты алуу үчүн дүкөн, базарларга да барышат. Азыр велосипеддин ыңгайлаштырылган көп түрү жасалган. Жеңил машинанын жүк салгычына кенен баткыдай чакан велосипеддер, бүктөлмө велосипеддер да чыккан. Аны бир нече секунданын ичинде экиге ажыратып, ошончо эле убакытта кайра кураштыра салууга болот. Велосипеддин бири менен цирк артисттери ар кандай татаал оюндарды көрсөтүшсө, башка бири менен почта, азык-түлүк ташышат. Кичине дөңгөлөктүү велосипеддер да бар. алар машина көп жүргөн шаардын көчөлөрүндө өтө ыңгайлуу.
Кары кишилерге ылайыкталган үч дөңгөлөктүү велосипед да чыгарылган. Велосипед латынчадан которгондо куюн бут дегенди билдирет. Ал бул атын жаңы жасалгандан эле актай баштаган. 1869-жылы Францияда өткөрүлгөн 120 км аралыкка болгон биринчи спорттук мелдеште велосипед саатына 11чакырым ылдамдык менен келген. Ал кезде бул эң жогорку ылдамдык эле. Ошондон тартып, велосипед түрдүү спорт мелдештерине такай катышат. Спорсмендер эки дөңгөлөктүү учкаяк велосипеддер менен шоссе жолдорунда (шоссе жолдорундагы жарыш), ойлуу-кырдуу жерлерде (велокросс), велосипед үчүн атайын бетондолуп жасалган велотректердин айланма жолдорунда жарышат. Алар кадимки эле велосипеддерде, ошондой эле тандем деп аталган эки кишилик велосипеддерде да жарышышат.
Коргоочу баш кийим, түрдүү түстөгү майка кийген спортсмендер рулга жабыша эңкейишип, кээде саатына 100 чакырымдан ашык аралыкты басып өтүшөт. Мына ушундай лесепет.