Сөздөрдүн уңгу жана мүчө бөлүктөрү болот. Сөздүн маани берүүчү бөлүгү бөлүгү уңгу деп аталат. Кээ бир сөздөр жалаң уңгудан турат. Уңгуга бир же бир нече мүчө уланат.
Мисалы: мектеп + тер = мектептер, окуу + чу + лар = окуучулар, китеп + те = китепте, бил + им + дүү + гө = билимдүүгө, таза + лык = тазалык, бир + инчи = биринчи.
Сөздүн уңгуга жалганып, кошумча маани берген бөлүгү мүчө болот.
Уңгуга төмөнкү мүчөлөр уланганда жаңы сөздөр жасалат.
-луу | бала + луу = балалуу, үлгү + лүү = үлгүлүү, акыл + дуу = акылдуу, билим + дүү = билимдүү, канат + туу = канаттуу, сүрөт + түү = сүрөттүү |
-сыз | акыл + сыз = акылсыз, тамак + сыз = тамаксыз, иш + сиз = ишсиз, калем + сиз = калемсиз, күч + сүз = күчсүз, суу + суз = суусуз |
-лык | бала + лык = балалык, жаш + тык = жаштык, кары + лык = карылык, ийги + лик = ийгилик, ай + лык = айлык, жыл + дык = жылдык |
-уу | оку + уу = окуу, жаз + уу = жазуу, түшүн + үү = түшүнүү, каз + уу = казуу, бас + уу = басуу |
-чы | ыр + чы = ырчы, кыяк + чы = кыякчы, комуз + чу = комузчу, кой + чу = койчу, өтүк + чү = өтүкчү, күлкү + чү = күлкүчү |
-дай | ай + дай = айдай, күн + дөй = күндөй, мен + дей = мендей, сиз + дей = сиздей, күчүк + төй = күчүктөй, мышык + тай = мышыктай |
-кана | китеп + кана = китепкана, басма + кана = басмакана, бейтап + кана = бейтапкана, дары + кана = дарыкана, мейман + кана = мейманкана |
Уңгуга бул мүчөлөр жалганганда сөздүн мааниси өзгөрбөйт, жаңы сөздөр жасалбайт. Кошумча гана маанини билдирет.
Көптүк мүчө: -лар, -лер, -лор, -лөр, -тар, -тер, -тор, -төр, -дар, -дер, -дор, -дөр.
Жак мүчөлөр: -мын, -сың, -сыз, -ы, -быз, -сыңар, -сыздар
Таандык мүчөлөр: -ым, -ың, -ыңыз, -ы, -быз, -ыңар, -ыңыздар, -ныкы.
Жөндөмө мүчөлөр: -нын, -га, -ны, -да, -дан.
Чак мүчөлөр: -ган, -чу, -ыптыр, -ды.