Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улуу ойлоп табуулар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Улуу ойлоп табуулар

Азыр бизде эмне деген гана техника жок. Тигине телевизордо дүйнөнүн булуң-бурчун, каалаган кино, мультфильмдерди көрсөтүп жатат? телефон аркылуу досторуң менен дароо байланыша аласың, автомобилге түшүп каалаган жериңе заматта барасың, самолет менен учуп, алыскы жерлерге барсаң болот. Ал эми компьютерде ар кандай оюндарды ойнойсуң, кызыктуу китептерди таап окуйсуң. Ал тургай өзүң да чыгарма жазсаң болот, телеберүүлөрдү да кабыл аласың, радио-берүүлөрдү угасың, деги койчу толуп жаткан иштерди жасасаң болот. Ошондуктан, компьютер адам баласына эң керектүү буюм болуп калды. Мына ушулардын баары адам баласы менен тең жаралган эмес.

Аларды адамдар акырындык менен жараткан. Адамдар акыл эмгеги өнүккөн сайын өзүнүн күч эмгегин жеңилдетүү үчүн дайыма бир нерселерди ойлоп таап, аны пайдаланып келген. Адам баласынын тиричилигине кийин чоң көмөк берүүчү жана дагы жаңы ойлоп табууларга негиз болуучу ачылыштар улуу ойлоп табуулар катары эсептелет. Алар абдан көп. Биз силерди ошол ойлоп табылган нерселердин айрымдары менен гана тааныштырып кетебиз. Дөңгөлөк. Азыр силер көрүп жүргөн арабанын, автомобилдердин, велосипеддин дөңгөлөктөрү байыркы көчмөн элдердин ойлоп тапкан дөңгөлөгүнүн негизинде пайда болгон. Көчмөн эл байыркы заманда бир жерде турбай дайыма унаа менен көчүп жүрүшкөн.

Адегенде анча-мынча эмерегин унаага (ат, өгүз, төө) артып алып, малын айдап көчө турган. Эмереги, барган сайын жүктөрү, идиш-аягы жана башка буюмдары көбөйгөндө салт унаадан башка чийнени колдоно башташкан. Жыгачтан жасалган чийненин үстүнө жүк жүктөп, атка же өгүзгө сүйрөтүү оор экендигин жана жай жүрө тургандыгын көрүшүп, дөңгөлөктү ойлоп табышкан. Эки дөңгөлөктү кошуп, жүк жүктөй тургандай орунду бекитип, аны атка же өгүзгө, төөгө сүйрөтсө, бул биринчиден сүйрөгөнгө жеңил, экинчиден ылдам жүрө турган. Соко. Соко кантип пайда болгон? Эң алгачкы дыйкандар таяк менен жерди чукуп, ага үрөн себишкен.

Түшүм аз болгон. Адамдар бара-бара муну түшүнүп, жыгач соколорду ойлоп табышып, пайдаланышкан. Соконун ойлоп табалышы адамдар үчүн чоң олжо болгон. Байыркы соколордун түзүлүшүн Вавилон жана байыркы Египеттен табылган сүрөттөрдөн Кыргызстандын аймагындагы Саймалы таштагы, ошондой эле Түштүк Италия менен Түштүк Швециядагы биздин заманга чейинки 2-миң жылдыкка таандык аска таштарга чегилген сүрөттөрдөн, Польшанын саздарынан табылган байыркы соколордон билсе болот. Биздин заманга чейинки l-миң жылдыкка таандык соколор Кытайдан да табылган. Булардын баары жыгачтан жасалып, ок жыгачы, туткасы болгон, унаа чегилген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Рим мамлекетинде темир тиштүү соколор пайда болгон. Кыргыздар да буурсун деп аталган жыгач сокону пайдаланып келишкен.

Темир соколор 18-кылымда пайда болгон.1802-жылы Россияда ат соко заводдо чыгарыла баштаган. Алар бир тиштүү, эки дөңголоктүү болгон. Кийин тракторлор сүйрөй турган, көп тиштүү соколор пайда болуп, азыр анын өркүндөтүлгөн көп түрү кеңири колдонулат. Буу кыймылдаткычы. Адамдар барган сайын «эмне үчүн өзү жүрө турган араба болбойт», - деп ойлоно башташкан.

Анан кайнап жаткан чайнектен чыккан ысык буу күч менен чыкканын байкашып, аны изилдеп, буу машинасын ойлоп табышкан. Мында буу казанынан суу буусу поршендин алга-артка жылуу кыймылын пайда кылат. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө алгач буу машинасын курган. Буу машинасы универсалдуу кыймылдаткыч катары биринчи жолу 1774-1784-жылдары англиялык ойлоп табуучу Уатт Жеймс тарабынан жасалган. Ал эми буу казаны андан мурун эле, 1680-жылы Д. Попен тарабынан ойлоп табылган. 19-кылымдын башында буу машиналарын өздөштүрүп жана андан ары жакшыртып, ошондой эле транспорт жагына пайдалануу боюнча көп иштер жасалып, натыйжада паровоз пайда болгон жана темир жолдор салынып, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу башталаган. Ошондой эле кемелер да буу машинасынын жардамы менен деңизде сүзө баштаган. Бул кыймылдаткычынын пайда болушу бензин менен ичинен күймө кыймылдаткычтарынын ойлонуп табылышына зор түрткү берген.

Велосипед. Бул - адамдын буту менен дөңгөлөктөрдү кыймылга келтирген транспорт каражатын - өзү жүрүүчү арабаны ар кайсы өлкөлөрдүн ойлоп чыгаруулары: 1669-жылы Германияда Г. Гантенель, 1693-жылы Францияда Р. Ла Рошели, 1752-жылы Россияда Л. Шамшуренков, 1761-жылы Англияда Овенден жана башкалар жасашкан. Алардын велосипеддери 4 дөңгөлөктүү болгон. Биринчи эки дөңгөлөктүү, педалы бар, алдыңкы дөңгөлөгү чоң, арткысы кичине велосипед Россияда, крепостной пастер Е. М. Артаманов тарабынан жасалган. Ал бул велосипеди менен 1801-жылы Пермге жакын жердей чыгып, Петербургга чейин тынбай тээп барган. Адегенде велосипеддердин дөңгөлөктөрү жыгачтан жасалган, ошондуктан оор болгон жана ылдамдыгы анча эмес эле. Бара-бара жыгач дөңгөлөктөр жука металл кырчоолор менен капталган. Кийин дөңгөлөктөр зым чабактар менен чыңдалып, туюк резиналар менен алмаштырылган. Кыргызстанга велосипед 1917-жылдан кийин Россиядан келе баштаган. Аны көргөндөр Шайтан араба дешип, таң калышкан.

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, айрыкча Кытай, Корея, Вьетнамда көп пайдаланышат. Электр жарыгы. Бираз элестетеличи. Электр жарыгы такыр жок болсун дейли. Демек, телевизор иштебей, биз кино, мултфильм көрмөк эмеспиз, телефон аркылуу достор менен сүйлөшпөй калабыз, компьютер иштемек эмес. Кечкисин үйлөр, көчөлөр караңгы болмок. Ырас үйдү үлүңдөгөн шам чырак же газ лампалар менен жарык кылмакпыз. Бирок, алардын жарыгына сабак окуш өтө кыйын болмок. Кечкисин шаардын көчөлөрү менен автомобилдер жүрмөк эмес.

Ошондуктан электрдин табылышы да адамдар үчүн чоң олжо болгон. Азыр электрди пайдаланбаган бир да прибор жана техника жок десек туура эле болот. Электр деген аталыш англис физиги У. Гесльберт тарабынан 1600-жылы сунуш кылынган. Ал грек тилинен которулганда янтарь дегенди туюндурат. 1872-жылы орус физиги А. Н. Лодыгин жарык бере турган электр лампасын ойлоп таап, аны 1879-жылы америкалык физик Т. А. Эдисон жакшырткан. Натыйжада электр энергиясын алуучу установкалар жасалган.

Бара-бара электр энергиясы кеңири колдонула баштаган. Автоунаа. Азыр шаар ичинде, айыл-кыштактарда, кара жолдордо автоунаа жайнап кетти. Кээде көчөлөрдө төрт-беш катар туруп калган автоунаадан жөө жүргөндөрдүн өтүшү өтө кыйын. Алардын ичинен бирине бири окшобогон чоңдугу боюнча ар кандай түрлөрүн көрсө болот. Мына ушулардын бардыгын адам ойлоп таап, өзүнүн керектөөсүнө пайдаланып жатат. Автоунаа жөнүндө кененирээк маалыматты автоунаа макаласынан таанышсаңыз болот. Авиация. Адамдардын асманга учуу ниети көп кылым мурда эле жаралган.

Алар дүйнөнүн көп элдеринин жомокторунда жана легендаларында айтылып келген. Мисалы, учуучу килем жөнүндөгү жомокту бардыгыбыз укканбыз. Канаттуу адамдын сүрөтүн байыркы адамдардын аска таштардагы сүрөттөрүнөн көрсө болот. Мындай умтулуу жер үстүндө автоунаа пайда болгондон кийин айрыкча күч алган. Адам автоунаа менен жүрүп, ага да ыраазы болбой, андан да тез жүрүүнү каалаган. Мына ошентип адам баласынын дагы бир жаңы улуу ойлоп табуусу жаралган. Аба мейкиндигинде учуп жүрө турган оор техника (учак, тик учак, планер) жалпы жонунан авиация (латынча канаттуу куш дегенди билдирет) деп аталат. Авиация 20-кылымдан өнүгө баштаган.

Авиация тууралуу Авиация, Самолет, Вертолет макалаларынан таанышсанар болот. Телефон байланышы. Адамдар байыртан эле бири-бири менен сүйлөшүп, бир маселени кеңешип, чечип тиричилик кылып келишкен. Эгер алыста турган бирөө менен сүйлөшүү керек болсо, ага баруу керек же бирөө аркылуу кат жиберип, жообун алууга туура келген. Бул убакытты жана барып-келишке транспортту талап кылган. Ушундай түйшүктү жеңилдетүү үчүн адам баласы бир жерден туруп эле башка жердеги адам менен сүйлөшүү жолун издеген. Натыйжада, телефон байланышы ишке ашкан.

Телефон - бул грекче үндү алыска угузуу дегенди туюндурат. Консервалоо. Улуу ойлоп табуулар адам баласынын тиричилигинин бардык тармактарында, алардын ичинде тамак-ашта да болгон. Адамдар күзүндө жыйнаган азык-түлүгүн эмдиги күзгө чейин чиритпей, эскиртпей сактап алуу жагын көп ойлогон. Мисалы, картошканы короодо сактоо, жашылчаларды туздоо, кургатып алуу ыкмаларын колдонушкан. Көчмөн кыргыздар этти жайында ыштап же ачуу туздап, майга кууруп, карынга салып сактаган.

Ушуга окшогон жолдор бардык элде болгон. Бирок адамдар сактоонун башка жолдорун да издеп табышкан. Ал консервалоо деген ат менен белгилүү (консерва латынча сактайм дегенди түшүндүрөт).Эттен, балыктан, сүттөн же өсүмдүктөн даярдалган азык-түлүктөрдү узак убакытка сактоо үчүн жука калайдан, алюминийден, айнектен же полимерден жылчыксыз жасалган идиштерге салып, сактай башташкан. Мындай жолду биринчи жолу орус окумуштуусу В. Н. Каразин ойлоп таап, кийин 1910-жылы Францияда Н. Аппер консерва жасоонун технологиясын иштеп чыккан.

Консерва жасоодо тамактын баалуу касиети бузулбай сакталып, калориялуулугу жана минералдык составы өзгөрбөйт. Бул тамак-аш тармагындагы ири ойлоп табуу эле. Анткени жол жүргөндө, экспедицияларга чыкканда, космонавттар космоско учканда, моряктар деңизге, саякатчылар саякатка чыкканда, жалпы эле адамдарга бузулбаган эң керек, пайдалуу азык болуп эсептелет. Ошондуктан тамак-ашты сактоонун бул ыкмасын жер жүзүндөгү адамдардын бардыгы колдонушат. Консервалардын өнөр жайлык даярдалышы 19-кылымдын башынан өнүгө баштаган. Азыр дүйнөдө алардын 1000дей түрү чыгарылат. Интернет. Интернет дагы улуу ойлоп табуулардын катарына кирүү алдында турган чон ойлоп табуулардын бири.

Интернет аркылуу адамдар байланышып (үн, видео жана башка көптөгөн байланыштын түрлөрү), иш-кагаздарды алмашып, башка адамдар менен таанышып, эн башкысы маалымат алып колдонушат. Булардан тышкары телекөрсөтүү, радиуктуруу, компьютер жана ушул сыяктуу ойлоп табууларды биздин сайттагы издөө формасын колдонуп таанышсаңар болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4136, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо