9-кылымдын ортосунда пайда болуп, 10-кылымдын баш чендерине чейин Борбордук Азиянын ири ээликтерине бийлик жүргүзгөн орто кылымдардагы кыргыз каганатын, тарых илиминде алгачкы жолу академик В. В. Бартольд Улуу кыргыз мамлекети (Улуу Кыргыз дөөлөтү) деген термин менен атаган. Орто кылымдардагы кыргыз уруулары биздин замандын 4-кылымынан 9-кылымдын ортосуна чейинки мезгилде Түштүк Сибирь аймагындагы Енисей дарыясынын жогорку агымын мекендешкен. 6-кылымдан тарта Түрк каганаты (552-744), ал эми Чыгыш Түрк каганаты кулагандан кийин, Уйгур кагандыгы кыргыздарга үстөмдүктөрүн орнотууга аракет жасап келишкен. 758-жылы Уйгур каганы Моюн-чур (Байан-чор, Маяноь-чжо) кыргыз мамлекетин басып алат. Бирок кыргыздар уйгурлардын үстөмдүгүн кулатууга ар дайым аракет жасашкан. 795-жылы кыргыз уруулары уйгурларга каршы ири көтөрүлүш уюштурушат. Көтөрүлүштү уйгур каганы Кутлуг аёсуз жазалоо менен баскан. 820-жылы Уйгур каганатынын алсырашынан пайдаланышкан кыргыздар, аларга каршы кайрадан көтөрүлүшөт.
Согуш 20 жылга созулат. Бул мезгилдин ичинде кыргыздардын борборлошкон бийлиги күч алган. Ал эми уйгурларда болсо саясий кризистин өсүшү менен, алардын кагандыгы барган сайын начарлай берген.830-жылдардын аягында кыргыз кагандыгын башкарып турган ажо, жакын арада уйгур каганын ордосу Ордо-Балык шаарын басып ала тургандыгын ачык айтып эле коркута баштагандыгы тарыхта белгилүү. 839-жылы Уйгур кагандыгында так талашуу чыры менен бирге, өтө оор жут башталат. Бийликке нааразы болгон уйгур кол башчысы Гюйку-Мохэ, абалдан пайдаланып, кыргыз ажосун уйгур жергесине чакырып келет. Ордо-Балыкка жакын жердеги кыргыздар менен уйгурлардын аскерлеринен чечүүчү салгылашуусунда, кыргыздар толук жеңишке жетишип, 840-жылы Уйгур каганатын кулатышат. Кыргыз ажосу Ордо-Балыкты талкалап, өрттөп, уйгур каганынын эң көп байлыктарын олжого түшүрөт.
Ошондой эле кытай императорунун кызы, уйгур каганынын аялы, каныша Тай-хэни туткунга алышат. Кыргыздардан жеңилген уйгурлар ар кайсы тарапка качууга мажбур болушат. Алардын бир бөлүгү Чыгыштагы Манчжурияга, экинчилери Кытай өлкөсүнүн түндүк аймактарына, үчүнчүлөрү батыштагы Иртыш дарыясын көздөй, ал эми төртүнчү бөлүгү Чыгыш Теңир Тоодогу Турфан өрөөнүнө качышкан. Уйгур каганатын талкалагандан кийин кыргыз ажосу, качкан уйгурларды толук жеңүү үчүн ар тарапка аскер кошуундарын жөнөткөн. Алардын бири Манчжурияга барып, манжулар менен согушуп, качып барышкан уйгурларды кайра кайтарып келгендиги белгилүү. Уйгурлар менен болгон согушта жолтоо болбошу үчүн кыргыз ажосу Кытай императоруна өз элчилерин тез-тез жөнөтүп турган (Тапу Алп Сол жана башка элчилер), Кытай мамлекети менен алакасын чыңдоого аракет жасаган. Качып кетишкен уйгурларды баш ийдирүү максатында кыргыз аскерлери Чыгыш Теңир Too аймактарына келишкен. Алар Беш Балыкты басып алган жана Гоби чөлүнүн түштүгүндөгү Эдзин-Гол суусуна чейин жетишкен. Ошондой болсо дагы качкын уйгурларды толук баш ийдире алышкан эмес.
Теңиртоого качып келишкен уйгурлардын бир бөлүгү бир топ мезгилден кийин, Турфан ойдуңуна жаңы Уйгур мамлекети Уйгур иди-куттугун түзүшөт. Уйгур каганатын талкалаган кыргыз ажосу 840-жылдан тартып, муруңку уйгурлар башкарган аймактардагы уйгурларды толук бийлеп калат. Анын ээлиги чыгыштан Манчжуриядан тартып, батыштагы Эртыш дарыясына чейин, түндүктөгү Енисей дарыясынын боюндагы Минусин өрөөнүнөн, түштүктөгү Чыгыш Теңиртоо аймактарына чейинки жерлерге тараган. Кыргыз ажосу өзүнүн ордосун мурдагы Уйгур каганынын борбору болгон Ордо-Балыкка көчүрүп келүү менен бирге, кыргыздардын көп бөлүгүн Енисей боюнан Каңгай тоолоруна жер которткон. Борбордук Азия чөлкөмүнө кыргыз кагандыгынын үстөмдүгүнүн орношу, кыргыз мамлекетинин күч алышына алып келет. Кыргыз ажосу борборлошкон ажолук бийликти чыңдаган. Каганаттын башында Ажо турган, андан кийин мамлекеттик үч чоң бий болуп, аларга батыш жана чыгышка бөлүнгөн жергиликтүү башкаруучулар баш ийишкен. Бирок Улуу кыргыз мамлекетин негиздеген ажо, жеңиштен көп узабай эле 847-жылы каза болот. Анын мураскерлери Борбордук Азиядагы зор аймакты 9-кылымдан аягына чейин башкарып турушкан.
«Улуу кыргыз мамлекетинин» качан жана эмне себептен кулагандыгын көрсөткөн так маалыматтар жок. Бирок бул мамлекеттин 10-кылымдын баш чендеринде алсырап, кулашына кара кытайлардын (Пяо) жортуулдары себеп болгондугун байкоого болот.10-кылымдын биринчи чейрегинде Маньчжурия аймагында кара кытайлардын (Пяо) мамлекети түзүлүп, алар ошол эле мезгилде кыргыздардын ордосу жайгашкан Каңгай тоолоруна бир нече жолу жортуул жасашкан. Анын негизинде Пяо мамлекетинин чектери батышта Алтай тоолоруна чейин жеткен. 10-кылымдын башында «Улуу кыргыз мамлекети» кулагандан тарта кыргыз уруулары эки аймакка бөлүнүп калышкан. Алардын бир аз бөлүгү мурунку Ата-мекени Енисей боюнда болсо, экинчи бөлүгү Моңгол Алтай тоолорун байырлап калышат. Ушундан тартып, Чыңгызхандын чабуулуна чейинки мезгилде, кыргыздар, тарых жазмаларында «Енисей» жана «кыргыз» аймагы деген эки бөлөк чөлкөмдөрдө эскерилип калышат. 9-кылымдын ортосунан, 10-кылымдын башына чейин Борбордук Азиядагы ири аймактарга бийлик жүргүзгөн кыргыздардын каганаты күч-кубаттуу ири мамлекетке айланган.