Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Улуу ата мекендик согуш учурундагы жана согуштан кийинки мезгилдеги маданият (1941-1961)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Улуу ата мекендик согуш учурундагы жана согуштан кийинки мезгилдеги маданият (1941-1961)

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы илим жана маданият. Согуш башталганда республикада 13 илимий изилдоо мекемелери иштеп, 323 илимий кызматкер эмгектенишкен. Анын 13у илимдин докторлору, 45и илимдин кандидаттары болгон. Эвакуацияланган окумуштуулардан эсебинен республиканын илимий адистери чындалган. Академиктер А. Бах, А. Борисяк, техникалык илиминин докторлору М. Келдыш, тарых илиминин доктору А. Бернштам, филология илиминин доктору К. Юдахин жана башкалардын келиши менен республиканын илим жаатында биртоп осуштор байкалган. Кыргызстандын геологдору согуштук маанидеги кен байлыктарды изилдеп табууда коп иштерди аткарышкан. Алар 1941-1944-жылдары 321 экспедиция уюштурушуп - 110 тустуу металлдын, 71 комур, мунай, 8 металл кендерин аныкташкан.

Кыргызстанда табылган сымап, сурьма, вольфрам жана башка сейрек кездешуучу кендер стратегиялык чон мааниге ээ болгон. Бишкек эвакуацияланган СССР ИАнын биология болуму, Кыргызстандын илим-изилдоо мекемелери менен бирдикте согуштук жана экономикалык маанидеги маанилуу изилдоолорду жургузушкон. СССР ЭКСтин чечими менен 1943-жылы 13-августта Кыргызстанда СССР ИАнын филиалы ачылып, анын торагалыгына академик К. И. Скрябин, орун басарлыгына Ж. Шукуров менен В. Масенко, окумуштуу катчылыгына П. Власенко шайланган. Филиалда 158 окумуштуу, анын ичинде СССР ИАнын 1 академиги, 1 корр. мучосу, 12 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаттары эмгектенген. Филиал озунун бардык иштерин Кыргызстандын ресурстарын олкону коргоо муктаждыктарына жумшоо багытында жургузгон. Н. Сытый жетектеген химия институту жардыруу иштеринин жаны ыкмасын иштеп чыккан. 1944-жылы К. Юдахиндин редакциясы менен 40 мин создон турган биринчи «Орусча-кыргызча создук» басылып чыккан. «Манас» эпосун чогултуу жана изилдоо боюнча иштер улантылган.

Адабият жана искусство фронттун кызматында. Фашисттик баскынчыларга каршы согушта адабият менен искусство маанилуу идеялык курал болгон. Кыргызстан Жазуучулар союзунун М. Элебаев, Ж. Ашубаев, Н. Чекменов, Я. Шиваза, Ж. Турусбеков, У. Абдукаимов жана башка коптогон мучолору фронтко аттанышкан. Алардын айрымдары аскердик болуктордо саясий жетекчи, басма создун адабий кызматкерлери болуп иштешкен. Советтик патриотизм, Ата Мекенди коргоо, жоокерлердин эрдиктери, тылдагы эмгекчилердин каарман эмгеги Кыргыз жазуучуларынын ошол учурдагы негизги темалары болуп калган. А. Токомбаевдин «Ашырбай», К. Жантошевдин «Чолпонбай» поэмалары, А. Осмоновдун «Ант», К. Маликовдун «Менин Кавказым» Т. Уметалиевдин «Учоо», Т. Сыдыкбековдун «Артиллеристтер» жана башка чыгармалары элди туруктуулукка, жаны эрдиктерге чакырып, жеништин камсыз болоруна ишендирген. Кыргызстандын артисттери согуштун алгачкы айларынан эле женишке салым кошууга аракеттенишип, 1941-жылы июлунан 1942-жылы 1-апрелине чейин фронттогу жоокерлерге, аскерге жонотуучу пункттарда, госпиталдарда 763 концерт коюшкан. 1941-жылы ноябрда Улуу Ата Мекендик согушка арналган «Патриоттор» аттуу кыргыз операсынын биринчи премьерасы болгон. Музыкалык театрдын артисттеринин жетишкендиктери эске алынып, 1942-жылы 17-августта бул театр Кыргыз Мамлекетинин опера жана балет театры болуп кайрадан тузулгон.

[ushka=seredina]

Театрда 1942-жылы ноябрда «Кокул», бир жылдан кийин декабрда «Ким кантти?» опералары, 1944-жылы «Чолпон» балети коюлган. Согуш аяктаганга чейин бул театрдын артисттери жоокерлердин, тылдагы эмгекчилердин алдында 750 концерт беришкен. Кыргыз искусствосунун онорпоздору 1942-жылы 7 концерттик-театрдык бригада уюштурулуп, 1944-жылга чейин алар фронттогу жоокерлердин алдында 2500 концерт беришкен. А. Токомбаевдин «Ант» (1942), К. Жантошевдин «Курманбек» (1944) пьесасы жана башкалар коюлган. Согуш жылдары Кыргызстандын корком сурот онору да оскон. С. Чуйковдун «Ата Мекен учун», «Чолпонбайдын портрети», А. Игнатовдун «Фронтко узатуу», «Эне менен жолугушуу», «Фронттон келген конок», Г. Айтиевдин «Фронттон кат», И. Гальченконун «БЧК курулушунда», «Жайлоодо», Л. Ильинанын «Кызылча отоо», С. Акылбековдун «Колхоз кароолчусу» жана башка чыгармалары согуш мезгилиндеги элдин турмушун чагылдырган. Ошентип, республиканын адабияты менен искусствосу элдик женишке оздорунун салымдарын кошуу менен чыгармачылыктын жаны баскычтарына которулгон.

Согуштан кийин сталиндик администиративдик-буйрукчул система идеологиялык козомолдоону кучотуп, калктын бир болугундо капиталисттик, феодалдык-уруучулук коз караш санталган, интеллигенциянын катмарларында буржуазиялык маданиятка жугунуу, коммунисттик саясатты тушунбостук маанай кучоп кеткен деген шылтоо табылган. Белгилуу акын Молдо Кылычтын эмгектери «буржуазиялык улутчул» деп аныкталып, аны изилдеген Т. Саманчин, Т. Байжиев, 3. Бектенов репрессияга кабылган. Окумуштуулар Ж. Шукуров, К. Сооронбаев, X. Карасаев кызматтарынан бошотулган. А. Токомбаевдин «Кандуу жылдар» романы, К. Маликовдун «Балбай» деген поэмасы катуу сынга алынып, аларды окууга тыюу салынган. 1951-жылы партия менен Совет окмотунун башкы жетекчилигинин корсотмосу менен элдердин улуттук эпостору сынга алына баштаган. Кыргыз элинин руханий турмушунун туу чокусу болгон «Манас» эпосуна да «элге каршы багытталган, динчил, эзуучулордун кызыкчылыгын коздогон, согушту жактаган» чыгарма катары тыюу салынат. Бирок Кыргыз интеллигенциясы оздорунун эпосу жонундогу бул чечимге макул болгон эмес.

Басма соз бетиндеги коп айларга созулган талаш-тартыштардан кийин 1952-жылы июнь айында Бишкек «Манас» эпосунун элдуулугу» деген темада илимий конференция откорулуп, «Манас» эпосу ренрессиядан куткарылган. Эпосту коргоодо М. Ауэзов, А. Токомбаев, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, А. Бернштам, Б. Юнусалиев, Б. Керимжанова жана башка чон эмгек синиришкен. Согуштан кийинки жылдарда элге билим беруу ишинде алгылыктуу бир катар иштер жасалган. 1947-жылдардан жети жылдык билим беруу жалпыга милдеттуу болуп калган. Согуш мезгилинде чыкпай калган окуу китептери кайрадан чыга баштаган.

Кыргыз тилинде окуу китептерин чыгаруу колго алынган. 1950-жылы мектеп окуучулары учун 89 аталыштагы окуу китеби чыгарылган. Бул мезгилде атайын орто жана жогорку билим беруу жакшырган. Совет бийлиги орногондон баштан эле олкодо башталгыч жана толук эмес орто билим беруу акысыз жургузулуп, 1956-жылдан мектептин жогорку класстарында, атайын орто билим беруу системасында жана жогорку окуу жайларында окугандыгы учун акы толоо жоюлган. 1958-жылы толук эмес орто билим беруу баскычы жетинчи класстан сегизинчи класска которулгон. Бул совет бийлигинин билим беруу тармагындагы чон жетишкендиги катары бааланган. Басма соз иши жолго коюлуп, Кыргызстанда 5 республикалык, 10 облустук, 70 райондук жана шаардык газеталар 160 мин нускада чыгарылган.

Булардан тышкары «Коммунист», «Агитатордун жана пропагандисттин блокноту» журналдары кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылган. Кыргыз адабияты онугуп, Т. Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери» романы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. К. Баялиновдун, К. Жантошевдин, Т. Умоталиевдин, А. Осмоновдун чыгармачылыктары жалпы элдин суймончулугуно ээ болгон. Согуштан кийинки мезгилде кыргыз музыкасы, драмасы, корком сурот искусствосу да жаны бийиктиктерге которулгон. 1950-1960-жылдары республиканын маданияты жаны баскычка оскон. Бул жылдары Кыргызстандын корком адабияты Ч. Айтматов, У. Абдукаимов, С. Эралиев, К. Каимов, А. Токтомушев, Т. Уметалиев сыяктуу таланттуу акын, жазуучулар менен толукталган.

1963-жылы Ч. Айтматов «Тоолор жана талаалар» аттуу повесттер жыйнагы учун Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон. Кыргызстандын корком онорунун ишмерлери оздорунун жетишкендиктерин 1958-жылы Москва шаарында откон Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи он кундугундо ийгиликтуу даназалашкан. Республиканын алты артисти - С. Кийизбаева, Б. Бейшеналиева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, А. Мырзабаев, Д. Куйукова СССРдин эл артисттери болушкан. Искусствонун 300 окулу орден, медалдар менен сыйланышкан. Алардын 9у Ленин орденин алышкан.

Билим беруу тармагында 1958-жылдан жети жылдык билим беруунун ордуна милдеттуу сегиз жылдык билим беруу киргизилген. Орто мектептерде окутуу мооноту 11 жылга созулган. 1960-1961-окуу жылында республикада 1763 кундузгу жалпы билим беруучу мектептер иштеп, аларда 397,5 мин окуучу билим алган. Бирок, мектептерде иштеген 22 мин мугалимдин 33,1 пайызы гана жогорку билимдуу болушкан. 1951-жылы Кыргыз мамлекеттик университенин ачылышы тоолуу крайыбыздагы маанилуу окуя болгон. 1954-жылы анын геологиялык жана техникалык факультеттеринин базасында Фрунзе политехникалык институту ачылган. 1951-жылы Ош, 1952-жылы Кыргыз кыз-келиндер институту, 1955-жылы Кыргыз денетарбия институту, 1953-жылы Пржевальск педагогикалык институту ачылып, республикада педагогдорду, торт жылдык моонот менен даярдоо иши жолго коюлган.

Жогорку окуу жайлары менен катар эле атайын орто окуу жайларынын тармактары кенейген. 1954-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын базасында Кыргыз ССРинин ИАсы ачылган. Анын биринчи Президенти болуп И. Ахунбаев шайланган. Академиянын биринчи курамына окумуштуулар - Б. Жамгырчинов, И. Ахунбаев, И. Батманов, К. Юдахин, Б. Юнусалиев, жазуучулардан - А. Токомбаев, Т. Сыдыкбеков жана башка 27 адам кирген. Академияга 203 илимий кызматкер иштеген 10 илимий мекеме караган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 19542, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу