Улут маселесин чечуудогу алгачкы кадамдар Совет окмоту Орто Азияда оз таасирин бекемдоо учун 1917-жылы 22-ноябрда «Россиянын жана Чыгыштын бардык мусулман эмгекчилерине» ундоо жарыялап, анда Россиянын мусулман калкынын толук эркиндиги жана ар тараптан тен укуктуулугу жарыяланган. Бирок Совет бийлигинин алгачкы мезгилинде Туркстан элдери менен Совет мамлекетинин ортосунда оз ара ишенбестик болгон. Буга жергиликтуу элдин айрым окулдорунун улутчул коз карашта болгону, орус улутундагы кээ бир болшевиктик лидерлердин шовинизм маанайында иш жургузгондугу негиз болгон. Алсак, 1917-жылы 15-22-ноябрда Туркстандагы Советтердин III съездинде башкаруунун жогорку органы - Туркстан Эл комиссарлар Совети (ЭКС) тузулуп, анын курамына 15 эл комиссарлары бекитилген. ЭКСтин торагалыгына большевик Ф. И. Колесов шайланган. Ал окмоттун курамына жергиликтуу улуттардын бир дагы окулу кирген эмес. Мусулмандардьш Туркстан крайында коп партиялык негизде коалициялык окмот тузуу жонундогу сунушу четке кагылган. Алар буржуазиялык улутчулдар катары айыпталган. Мустафа Чокаев башында турган «Шура-и-Ислам» партиясынын аймактык комитстинин демилгеси менен 1917-жылы 26-29-ноябрда Кокон шаарында мусулмандардын кезексиз 4-курултайында Россиянын курамындагы «Кокон автономиясы жарыяланып, М. Чокаев жана М. Тынышпаев башында турган окмет шайланган.
Ал окмотко жергиликтуу улуттардын окулдору менен катар славян элдеринин окулдору да кирген. Булар мурдагы Кокон хандыгынын чегинде буржуазиялык-демократиялык республика формасындагы улуттук мамлекетти тузууну коздошкон. Туркстарда кош бийлик тузулуп, анын бири Ташкендеги большевиктер партиясы тарабынан тузулгон Совет окмоту, экинчиси «Шура-и-Ислам», «Алаш» жана башка партиялардын, ар турдуу улуттардын окулдору тузгон «Кокон автономиясынын» окмоту эле. Кокон автономия окмотунун куралдуу кучтору тузулуп, ага полковник Чанышев жетекчилик кылган. Туркстанда бул окмоттун кадыр-баркы жогорулап, жергиликтуу калктын колдоосуна ээ болушу Ташкендеги большевиктик окмотту чочулаткан. 1918-жылы 19-26-январдагы Советтердин Крайлык IV съезди Кокон автономия окмотун мыйзамсыз, контрреволюциячыл окмот деп жарыялап, анын жетекчилерин камакка алуу жонундо чечим кабыл алган. 1918-жылы 19-22-февралда Кызыл Армиянын болуктору Коконго басып кирип, айыгышкан салгылашуу менен Кокон автономиясынын куралдуу кучторун талкалаган, окмот жок кылынган.
Ошентип, Туркстандагы жергиликтуу калктын интеллигенциясынын улуттук жана мамлекеттик коз каранды эместикке жетууге болгон аракети куч менен жок кылынган. Жергиликтуу калктын бир болугу большевиктердин, Кокон автономиясына карата жасаган ишин нааразылык менен кабыл алган. 1918-жылы Советтердин буткул Россиялык III съездинде «Эмгекчи жана эзилген элдердин укуктарынын декларациясы» кабыл алынып, анда социалисттик коп улуттуу мамлекеттин негизи катары федерациялык тузулуштун планы жарыяланган. Бул чечимдин негизинде Орто Азия элдери 1918-жылы Туркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Ресиубликасына биригишкен. Ушул жылы майда Туркстан автономия укугунда Россиянын курамына кирген.
Мында Совет бийлигин чындоодо Совет окмоту тарабынан 1919-жылы 8-октябрда тузулгон Туркстан иштери боюнча комиссиясы (Туркко-миссия) чон роль ойногон. Бул комиссияны Ш. 3. Элиава жетектеп, анын курамына М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудзутак. Г. И. Бокий, Ф. Н. Голощекин кирген. Комиссия Туркстанда жергиликтуу элге карата шовинисттик мамиле жасаган советтик, партиялык адистерди иштен алып, башкаруу органдарына жергиликтуу калктын окулдорун тарткан. Дыйкандарды, озгочо жергиликтуу калкты талап-тоногон кызыл аскерлер учун олум жазасы киргизилген. Комиссия ислам укугунун нормаларын, мечиттердин иштерин калыбына келтирген. Натыйжада, жергиликтуу калктын большевиктерге ишеними артып, алардан Кызыл Армияга ыктыярдуу откондордун саны кобойгон. Большевиктердин улут саясатындагы иш-аракеттерин жергиликтуу калктын колдоого алышы Кыргызстандагы контрреволюциячыл кучторду талкалоодо, Совет бийлигин чындоодо чечуучу роль ойногон.
Качкын кыргыздардын мекенине кайтышы Кыргызстандын аймагында Совет бийлиги орногондон кийин 1916-жылкы которулушко катышкан кыргыздарды жазалоо, куугунтуктоо токтогон. 1918-жылы 5-июлда Жетисуу облусунун аткаруу комитетинин алдында улут иштери боюнча облустук комиссариат тузулуп, анын алдында. орус-кыргыз мамилелерин иретке келтируу боюнча атайын комитет уюштурулган жана бул комитет кыргыз жана орус калктарынын арасында угут-насаат иштерин жургузгон. Ачарчылыкка учурагандарга жардам беруу учун комитеттер тузулгон. 1918-жылы 29-октябрда Жетисуу облустук аткаруу комитети Токмоктогу азык-тулук комитетине ачарчылыкка учураган кыргыздарга тамактануу пунктун ачуу учун 100 мин сом акча болгон. Мындай пункттар Кыргызстандын бардык шаарларында, айрым айыл-кыштактарда да уюштурулган. Качкын кыргыздардын кобу мекенине 1917-жылы Февраль революциясынан кийин кайткан, бирок бийликке келген Убактылуу окмоттун аларга карата жасаган шовинисттик саясатынын натыйжасында аларды жазалоо, куугун-туктоо кучоп, кыргыздар жаны кыргынга дуушар болгон.
Совет бийлиги качкын кыргыздардын калгандарын мекенине кочуруп келууго жардам беруу учун Батыш Кытайга атайын комиссия жоноткон. Бул комиссия Туркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-жылы 2-февралдагы чечими менен тузулгон. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып беруу, аларга зомбулук корсотууну токтотуу, кулдукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам беруу жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жуктолгон. Совет бийлиги орногондон кийин 1916-жылы Кытайга Жетисуу облусунан качкан 332 мин кыргыз-казактын 300 миндейи Ата Мекенине кайтып келишкен. Кайтып келген кыргыздарга жардам иретинде окмоттун эсебинен 100 млн сом болунуп, мунун эсебинен качкын кыргыздарга акысыз мал, айыл чарба шаймандары, боз уйлор, курулуш материалдары берилген.
Мекенине келген кыргыздарга 1920-жылы 46 мин тошо айдоо жери, 80 мин тошо жайыт таратылган. Алар беш жылдык моонотко мамлекеттик салыктан бошотулган. Тоолуу Кыргыз облусун тузуу аракети Туркстан АССРинин курамындагы кыргыздар бул республиканын Жетисуу, Сырдарыя, Фергана Самаркан облустарынын курамында болуп, бытыранды бойдон кала берген. Бул облустарда кыргыздар башка улуттарга Караганда азчылыкты тузуп, копчулук убакта алардын кызыкчылыктары этибарга алынбай калган. 1921-жылы Алматыда болгон кенешмеде биринчи жолу Туркстан АССРинин курамында Тоолуу Кыргыз облусун тузуу маселеси которулгон. Бирок бул маселе чечилбей, Казак АССРине Жетисуу жана Сырдарыя облустары берилмек болот. Бул чечим кыргыздардын саясий абалын бир кыйла оордоткон. Кыргыздар мурда бир автономиялуу республиканын курамына кирсе эми эки автономиялуу республикага болунуп калмак.
Буга макул болбогон кыргыз интеллигенциясынын алдынкы окулдору Ю. Абдрахманов, И. Арабаев, А. Сыдыков 1922-жылы мартта оз алдынча Тоолуу Кыргыз облусун тузуу сунушун кайрадан которушкон. 1922-жылы 25-мартта Туркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты Туркстан Республикасынын курамындагы Тоолуу Кыргыз облусун тузуу жонундо чечим чыгарган. 26-мартта болсо курамында Пишпек, Каракол, Нарын уезддери жана Олуяата уездинин тоолуу болугу кирген, борбору Кочкор кыштагында жайгашкан Тоолуу Кыргыз облусун тузуу жонундо чечим кабыл алган. Башкача айтканда, бул облуска Кыргызстандын тундугу гана кирип, Туштук Кыргызстандагы кыргыздардын тагдыры убактылуу белгисиз болгон. Ошондой болсо дагы кыргыз элинин алдында кыргыздар жашаган аймактын бир болугундо бирдиктуу, оз алдынча улуттук автономиялуу мамлекеттуулугун тузуу учун реалдуу мумкунчулуктор ачылат. Тоолуу Кыргыз облусун тузуу учун аракеттердин башында эле талаш-тартыш башталып, А. Сыдыков башында турган топ Тоолуу Кыргыз облусун тузуу учун жигердуу курошсо, Р. Кудайкулов жетектеген топ буга каршы иш жургузгон Р. Кудайкуловду Ташкендеги жана Алматыдагы казак улутундагы жетекчилер колдоп чыгышкан. Партиянын Жетисуу обкому 1922-жылы 4-июнда Пишпекте уюштуруу съездин чакырып, ага 425 делегат катышкан. Бирок съезд оз ишин баштай электе эле Туркстандык жана Жетисуулук бийликтердин макулдугу, Сталиндин туздон-туз корсотмосу менен таркатылган. 1922-жылы декабрда РКП(б) Борбордук Комитети Тоолуу Кыргыз облусун тузуу боюнча мурун кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп жарыялап, съездди чакыруунун демилгечилерин буржуазиялык улутчулдар, контрреволюционерлер деп куноологон.
Ошентип, кыргыз элинин чектелген улуттук мамлекеттик бирикме тузуу жонундогу алгачкы аракети ишке ашпай калган.