Углеводдор - көмүртектен, суутектен жана кычкылтектен турган органикалык заттар. Алар кант, крахмал, клетчатка түрүндө жашылчалардын, жемиштердин, дандардын жана башка өсүмдүктөрдүн курамына кирет. Адамдын жана жаныбарлардын организминде углеводдор крахмалга окшош татаал гликоген деген кошулма түрүндө кездешет. Татаал углеводдор организмде жай, ал эми жөнөкөй углеводдор: кант, глюкоза, фруктоза тез ажырашат. Жай ажыроочу углеводдорго адамдын жоон ичегисинде дайыма жашап жүргөн бактериялар таасир этип, андан ары ажырашына алып келет. Адамдын канында углевод негизинен глюкоза түрүндө болуп анын саны туруктуу келет, орто эсеп менен 0,1%. Эгерде глюкозанын саны 0,1-2% -1,12% чейин көбөйсө анда глюкоза кандан боорго жана булчуңдарга өтүп гликоген түрүндө сакталат. Ал эми канда глюкозанын өлчөмү 0,1% азайса анда боордогу жана булчуңдардагы гликоген ажырап кайра канга келет.
Углеводдор организмде негизинен энергиянын булагы катары кызмат аткарышат. Ошондуктан активдүү жумуш аткарган кишинин углеводдорго муктаждыгы чоң. Адамдын углеводду керектеши ар кандай жана бул керектөө адамдын жашына, иш аракеттеринин мүнөзүнө, ошондой эле алар ичкен тамактарынын сапатына жараша болот. Орто эсеп менен чоң киши бир күндө 400-500 гр. углеводдорго муктаж, кара жумуш жасаганда 800-900 гр. Балдардын организми углеводдорду тез жана толук сиңирет, ошондой эле канда ашыкча глюкоза туруктуу келет. Ошону менен бирге бала кантты жана таттуу азыктарды көп жесе ичи көөп дааратканага тез-тез барышы мүмкүн.
Таттуу нерселерди көп жегенде балдардын тиши да ооруп бузулат. Анысы аз келгенсип адатта таттууну көп жеген бала башка тамак-ашты дээрлик жебейт.