Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип журуп, уктап жаткан карышкырдын устуно тушуп калат. Карышкыр ордунан тура калды да аны кармап алды. Жегиси келди. "Мени жебе, коё бер", - деп жалынды тыйын чычкан. "Макул, сени бошотоюн, бирок мага бир нерсени тушундурчу, эмне учун силер дайыма шайыр-шатман журосунор?". "Мени коё бер, анан айтайын, болбосо, журогум дукулдоп, суйлой албайм" - деди. Карышкыр аны бошотуп жиберди. Тыйын чычкан бактын башына чыгып алып, "Карышкыр, сен залимсин, залимдик ичинди уйгу-туйгу кылат, ошондуктан ар дайым кападар болуп журосун. Ал эми биз эч кимге жамандык кылбайбыз, ошон учун дайыма конулубуз шат журобуз" - дептир.