Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туура тамактануу

Жаңы жана ар кандай азыктар ден соолукту сактоонун милдеттүү шарттарынын бири. Туура уюшулган тамактануу дененин жана акыл эстин нормалдуу өсүшүндө зор мааниге ээ. Тамак аштын жетишсиздиги өнүгүүнү жана өсүүнү кечиктирет, организмдин ар кандай ооруларга каршылык көрсөтүүсүн төмөндөтөт. Өтө көп болушу - зат алмашуу процессин, ашказанды бузат. Тамактар ар түрдүү болгону жакттты. Бир түрдүү тамактануу табитти начарлатат. Белоктуу жана углеводдуу тамакты айкаштыруу көпкө чейин ток сезимди жаратат. Куурулган тамак карында көпкө кармалат да, карындын иштегенин оордотот.

Ачуу татымалдарды ченеми менен колдонуу керек. Алар карындын ички бетин абдан дүүлүктүрөт. Таттуу тамак пайдалуубу? Аны да азыраак жеш керек.

Канттын көп болушу диабет оорусуна чалдыктырат. Тамак ашта өсүмдүк майын колдонсо жеңил, аш болумдуу болот, малдын майларынын көп болушунан зат алмашуу, тамак сиңирүү бузулуп адамдын салмагы көбөйөт. Тамактануу учурунда ченеми менен тамактануу керек. Анткени ашыкча тоюу ден-соолукка зыян. Ашыкча тоюу учурунда сиңирүү начарлайт.

Май тканынын өсүшү менен байланышкан ашыкча салмак ден-соолукту бузат: жүрөккө артыкбаш күч келет, көкүрөктүн кыймыл - аракети чектелет, өпкөнүн иштөөсү начарлайт. Ошондой эле эрте картаюунун себеби да ушунда болуп саналат. Адамга кандай тамактар пайдалуу? Кургатылган жер жемиштер витаминдерге бай, ар кандай жашылча жемиштер калориялуу тамак аштар.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 4312, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо