8-к-дан баш ченинде Батыш Турк кагандыгынын (704-766-ж.) урандыларында Тургоштордун мамлекети пайда болду. Тургоштор «он ок элинин» Дулу конфедерацияга кирген жана Чуй менен Иле дарыялардын аралыктарые ээлеп турууда болуучу. Алар «сары тургош» жана «кара тургош» урууларына болунушуп, тоболдору оз ара атаандашып турушкан. «Сары» тургоштордун уруу башчысы Уч-элиг каган (704-706-ж.) жаны династиянын негиздоочусу болуп калышкан. Ал Суяб шаарын басып, анда озунун башкы борборун тузгон. Тургоштордун бийлиги алдындагы жерлер Сырдарыянын ортонку агымдан Иртыш суунун башына чейин созулуп жатчу. Уч-элиг каган озунун жеринде жыйырма чолком тузгон, алардын ар бири жети минден аскер берип туруучу. Тургоштордун бийлиги Чыгыш Туркстанга да тараган. 716-ж. Капаган олтурулуп, тактыга анын жээни Билге каган (716-734-ж.) отургузулган. Ал Енисейден Орто Азияга чейин тынымсыз жортуулдарды уюштуруп турган.
Билге каган кытайлыктардын таасири менен чон храм курдурган. Анын алдына чет элдик элчилердин элеси тушурулгон таш балбалдардан аллея жасаткан. Ошол учурда тургоштор толук коз каранды эместикке жетишип, аларга «кара тургош» уруулардын башчысы Чабышчор Сулук (716-738-ж.) каган болуп калат. Жаны каган эн жакшы дипломат болуп эсептелген. 717-ж. ал Кытайга барып, анда жакшы кабыл алынат. Андан кийин Сулук тургоштор учун коркунучтуу уч каган менен нике союзун тузгон: Ашина династиянын батыш бутактын урпагынын кызына уйлонот, экинчи аялы Билге кагандын, учунчусу Тибет падышачылыгынын кызы болуучу. Каган озунун кызын Билге уулуна берген. Чыгыштагы дипломатия ийгилиги тургошторго батыштагы согуш аракеттерин активдештирууго мумкундук берди. «Кара тургоштор» менен «сары тургоштордун» ортосунда бийлик учун узакка созулган курош мамлекетти алсыраткан учурдан пайдаланып, 8-к-дын жарымында кагандык бийликти карлук уруусу тартып алган.