Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тукумсуздук

Баш барак | Ветеринария | Тукумсуздук

Тукумсуздук – жыныс органдарынын ооруларынан жана багуу шартынын начарлыгынан келип чыккан дарт. Уйлар туугандан кийин бир айдын ичинде күүгө келбесе жана физиологиялык жактан жетилген кунажындар бир айдын ичинде күүгө келбесе тукумсуз деп эсептелет.

Тукумсуздук - биологиялык түзүлүш, ошондуктан уйларды күнүгө текшерүүдөн өткөрүү зарыл. Тукумсуздукту жоюу – бул ар бир уйдан өз убагында музоо алуу.

Мисалы: уйдан ар бир 315 күндө: 285 күн бооз мезгили, 30 күн туугандан кийинки мезгил. Кой болсо 180күндө: 150 күн бооз мезгили, 30 күн туугандан кийинки мезгил.

Тукумсуздуктун квалификациясы:
1.Тубаса
А)инфантилизм – жыныс органдарынын өрчүбөй калышы.
Б)фримартизм - уродство, клитордун эркек малдыкындай болуп чоңоюп кетиши жана айрым ургаачы жыныс аппараттарынын өрчүбөй калышы менен мүнөздөлөт.
В)гермофродитизм – бир эле малда эркек жана ургаачы малдардын жыныс белгилеринин болушу менен мүнөздөлөт.
Г )жатындын моюнчасынын тубаса аномалиясы – жатындын моюнчасынын жок болушу же анын каналынын тубаса жок болушу.
Д)жатындын тубаса аномалиясы – жатындын бир жак мүйүзчөсүнүн жоктугу.
Ж)вульвасынын жана влагалишасынын аномалиясы – уй баласынын заара түтүкчөсүнүн өтө өрчүп кетишинен фиброздук тозмодой байкалат

Букалардын тубаса тукумсуздугу:
1.инфантилизм—жыныс мүчөсүнүн жана семенниктеринин өрчүбөй калышы.
2.криптохизм – семенниктердин сыртка чыкпай калышы. (ич көөдөнүндө калышы).
3.Карылык тукумсуздук – климактерий, климакс. Жыныс жана башка органдарынын өзгөрүлүшүнүн кесепетинен тукум улоо мүмкүнчүлүгүнүн токтошу.
4.Симптоматикалык тукумсуздук – жыныс органдарынын жана башка органдарынын ооруга чалдыгышынын кесепетинен келип чыгат.
5.Сырткы жыныс органдарынын ар кандай травмаларга кабылышы - жаракат алуу, катуу нерсе тийсе, чатынын айрылышы.

Тукумсуздуктун алдын алуу уюштуруучулук, агрономиялык, зоотехникалык, ветеринардык комплекстүү иш чаралардан турат. Ушул жогоруда аталгандардын бирөө гана кем болуп калса алдын алуунун натыйжасы начар болот.
1.уюштуручулук – жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ишке ашырышат.
2.агрономиялык – сапаттуу тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп, сапаттуу тоют даярдоо.
3.зоотехникалык – биздин жер шартыбызга туура келе турган породаны тандоо.
4.ветеринардык – инфекциялык, инвазиялык жана жугушсуз ооруларды алдын алуу жана жоюу.

Симптоматикалык тукусуздукту жоюу максатында короо-сарайлар таза болушу зарыл жана мал багууда санитардык нормаларды сактоо керек.
- Алиментардык тукумсуздукта – тоютту өз убагында жана туура даярдоо, жакшы сактоо жана туура тоюттандыруу.
- Эксплуатациялык тукумсуздук - жашоого жөндөмдүү төл алуу жана уйларды санитардык гигиенаны сактоо менен сааш керек.
- Климаттык тукумсуздук – жакшы климаттык шарт түзүү, желдетүү, жылуулоо, нымдуулук.
- Аалиментардык - истощение (аябай арык болгондо же өтө семиз)
- Искусственное приобретенное - шарттуу рефлекстин таасири астында тукумдуулутун бузулушу.
- Искусственное направленное – көп продукция алуу максатында убактылуу же дайыма тукумдуулугун бузуу.

Тукумсуздук 3 мезгилге бөлүнөт:
1.Эрте мезгилдеги тукумсуздук – 31 күндөн 120 күнгө чейин.
2.Орто мезгилдеги тукумсуздук – 121күндөн 240күнгө чейин.
3.Узак мезгилдеги тукумсуздук – 240күндөн 365күнгө чейин.

Бир жылдан ашык кысыр калган уй же кунажындар яловый (кысыр) деп аталат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 779, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу