Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туболук тон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Туболук тон

Мындан жүз жылдай мурун бир мергенчи түндүк дарыясын бойлоп келе жатты. Суу жеп кеткен жардуу жээктин жанынан өтүп баратып, жардын калың катмарынан бир укмушту - пилдикиндей эки чоң тиши бар, калың күрөң жүндүү зор башты көрөт. Үрөйү учкан мергенчи бул жөнүндө кыштактагыларга айтып келет. Бул кабар илимпоздорго да жетет. Алар баш табылган жерге келишип, мергенчи мамонттун өлүгүн тапкандыгын далилдешет. Мамонттор пилге окшош болгон, алар мындан көп кылымдар мурун тукум курут болушкан. Андан кийин да түндүктөн мамонттордун көптөгөн өлүктөрү табылган. Эмне үчүн булар мынча жакшы сакталган? Себеби Сибирдин көп бөлүгүндө жайында жер кыртышынын үстүңкү бети гана ондогон сантиметрге чейин эрип, анын астында эч качан эрибей турган тоң катмары жатат.

Мына ушуну түбөлүк тоң деп аташат. Бул тоң качан, кайсы мезгилде пайда болгону, азырынча белгисиз. Бирок мындан ондогон миң жылдар мурун муздардын алп массасы түштүккө карай жылганы белгилүү болду. Мүмкүн, мамонттор жылып келе жаткан муз катмарынан сактанып, түштүккө ооп кеткен болсо керек. Кээ бирөөлөрү сазга батып набыт болгон. Андан кийин сазды муз каптап, аны менен кошо мамонттун өлүгүн да тоңдуруп таштаган. Тоңгон катмар азыркы күнгө чейин эрибегендиктен, мамонттун өлүгү да бузулбай толук сакталган.

Түбөлүк тоң өсүмдүктүн өсүшүнө тоскоол болбойт. Дарактын тамыры гана түз, тереңдеп кетпестен, кыртыштын жайында эрүүчү үстүнкү бөлүгүнө төшөлүп өсөт. Мурун түбөлүк тоңдун үстүнө салынган үйлөр белгилүү убактан кийин жарылып же кыйшайып, кээде урап да калчу. Анткени жылуу мезгилдерде имараттын күн көбүрөөк тийген жагындагы тоң эрип жибиген, кээде баткак болуп да кеткен. Имараттын төмөнкү бөлүгү бул эрип, жибиген жерге чөгө берген.

Азыр болсо бул жердеги бардык имараттар жез кемпирдин үйүнүн буттары сыяктуу зор темир-бетон түркүктөрдүн үстүнө курулат. Мындай үйлөрдүн астынан шуулдап шамал өтүп турат. Жер бети кышында тоңуп, жайында эриши бул имаратка эч кандай таасирин тийгизбейт, анткени темир бетон түркүктөрдүн төмөнкү бөлүгү эч качан эрибеген түбөлүк тоң катмарда тоңуп калат. Түбөлүк тоңго курулган эн кооз шаарлардын бири - Россиядагы Норильск (Түбөлүк тоң - бардык жери муз дегенди түшүндүрбөйт, кадимки эле топурак дагы түбөлүк тоңуп тура берет, андыктан муздун үстүнө курулган шаар деп ойлобогула). Анда азыркы учурга ылайыкталып, көп кабаттуу имараттар, мектеп, театр жана концерт залдары, үстү жабык бассейндер салынган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 922, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-01-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу