Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Toyota Camry

Баш барак | Башкалар | Toyota Camry

Toyota Camry (Тойота Камри, Кэмри жана Кемри деген аталыштарда да белгилүү) - Toyota компаниясынын авто унаасы. Япония, АКШ, Автралия, Россия, Кытай жана Тайланд заводдорунда чыгарылат. 2018-жылкы маалымат боюнча сегизинчи муундагы авто унаасы чыгарылып жатат. Евро Биримдикте кабыл алынган жеңил авто унаа формалдык белгилер (габариттер) классификациясына ылайык Е - «Executive cars» сегментине, Euro NCAP боюнча «Large family car» (D сегменти) таандык.

Мазмуну
Жалпы маалымат
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары1982-жылдан баштап — азыркы учурга чейин
СборкасыЯпония, АКШ, Австралия, Россия, Кытай
КлассҮй-бүлө жана бизнес класс
Дизайн
Кузов түрү4 эшиктүү седан (5 орундуу)
КомпоновкасыFWD, AWD (АКШ үчүн)
Кыймылдаткыч
ИКК (ичинен күйүүчү кыймылдаткыч), гибрид
Трансмиссиясы
Автоматтык кыймыл берүү куту (АКБК), механикалык кыймыл берүүчү куту (МКБК)
Рынокто
Окшош моделдерHyundai Sonata, Nissan Teana, Honda Accord, Kia Optima, Skoda Superb, Mazda 6, Volkswagen Arteon
СегментиD / E-сегменттери
Муундары
XV10
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары1991—1996
Башка атыToyota Scepter, Holden Apollo
Кузов түрү2 эшиктүү купе, 4 эшиктүү седан, 5 эшиктүү универсал
Кыймылдаткыч2,2 л 5S-FE I4 (136 а. к.), 3,0 л 3VZ-FE V6 (188 а. к.)
Кыймыл алмаштыруу кутусу (КАК)5 тепкичтүү МКБК, 4 тепкичтүү АКБК
Дөңгөлөк базасы2620 мм
Узундугу4725 мм
Жазылыгы1770 мм
Бийиктиги1415 мм
Массасы1355-1415
Жүк көтөрүмдүүлүгү475 кг
Бактын көлөмү70 л
XV20
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары1997—2001
Башка атыToyota Camry Gracia
Кузов түрү4 эшиктүү седан, 5 эшиктүү универсал
Кыймылдаткыч2,2 л 5S-FE I4 (131 а. к.), 3,0 л 1MZ-FE V6 (190 а. к.)
Кыймыл алмаштыруу кутусу (КАК)5 тепкичтүү МКБК, 4 тепкичтүү АКБК
Дөңгөлөк базасы2670 мм
Узундугу4820 мм
Жазылыгы1780 мм
Бийиктиги1400 мм
Массасы1385-1445
Жүк көтөрүмдүүлүгү475 кг
Бактын көлөмү70 л
БайланышкандарLexus ES/Toyota Windom /Lexus RX/Toyota kluger/highlander
XV30
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары2002—2006
Башка атыDaihatsu Altis
ЗаводдорTsutumi, Япония; Джорджтаун, Кентукки, АКШ; Альтона, Виктория, Австралия; Чачоенгсао, Таиланд; Санта-Роса (Лагуна провинциясы), Филиппин; Шах-Алам, Малайзия; Тайбэй, Тайвань
Кыймылдаткыч2,0 л 1AZ-FE I4 150 а. к., 2,4 л 2AZ-FE I4 152 а. к., 3,0 л 1MZ-FE V6 186 а. к., 3,0 л 1MZ-FE VVT-i V6 210 а. к., 3,3 л 3MZ-FE VVT-i V6 SE 225 а. к. (2004—2006)
Кыймыл алмаштыруу кутусу (КАК)5 тепкичтүү МКБК, 4 тепкичтүү АКБК, 5 тепкичтүү АКБК
Дөңгөлөк базасы2720 мм
Узундугу4815 мм
Жазылыгы1795 мм
Бийиктиги1500 мм
Бактын көлөмү70 л
БайланышкандарLexus ES/Toyota Windom, Toyota Sienna, Lexus RX, Toyota Highlander, Toyota Camry Solara, Toyota Aurion
XV40
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары2006—2011
Башка атыDaihatsu Altis
ЗаводдорАльтона, Виктория, Австралия; Гуанчжоу, Кытай; Джорджтаун, Кентукки, АКШ; Лафайетт, Индиана, АКШ; Тахара, Айти, Япония; Санкт-Петербург, Россия; Чачоенгсао, Таиланд; Санта-Роза, Лагуна, Филиппин; Шах-Алам, Малайзия; Тайбэй, Тайвань
Кыймылдаткыч2,4 л 2AZ-FE I4 (167 а. к.), 2,4 л 2AZ-FXE I4 (гибрид үчүн) (167 а. к.), 3,5 л 2GR-FE V6 (277 а. к.)
Кыймыл алмаштыруу кутусу (КАК)5 тепкичтүү МКБК, 6 тепкичтүү МКБК, 5 тепкичтүү АКБК, 6 тепкичтүү АКБК, CVT (гибрид)
Дөңгөлөк базасы2775 мм
Узундугу4815 мм
Жазылыгы1820 мм
Бийиктиги1480 мм
Алдыңкы из1575 мм
Арткы из1565 мм
Клиренс160 мм
БайланышкандарLexus ES/Toyota Windom, Toyota Sienna, Lexus RX, Toyota Highlander, Toyota Camry Solara, Toyota Aurion
XV50
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары2012—2017
Башка атыDaihatsu Altis
ЗаводдорАльтона, Виктория, Австралия; Гуанчжоу, Кытай; Джорджтаун, Кентукки, АКШ; Лафайетт, Индиана, АКШ; Тахара, Айти, Япония; Санкт-Петербург, Россия; Чачоенгсао, Таиланд; Санта-Роза, Лагуна, Филиппин; Шах-Алам, Малайзия; Тайбэй, Тайвань
Кыймылдаткыч2.0 л 1AZ-FE I4 (145 а. к.), 2.5 л 2AR-FE I4 (178-181 а. к.), 2.5 л 2AR-FE I4 (гибрид үчүн) (154 а. к.), 3.5 л 2GR-FE V6 (268 а. к.)
Кыймыл алмаштыруу кутусу (КАК)4 тепкичтүү АКБК, 6 тепкичтүү АКБК, CVT (гибрид)
Дөңгөлөк базасы2775 мм
Узундугу4820 мм, 4850 мм (АКШ жана Азия)
Жазылыгы1820 мм
Бийиктиги1470 мм
Алдыңкы из1575 мм
Арткы из1565 мм
Клиренс160 мм
БайланышкандарLexus ES, Toyota Sienna, Lexus RX, Toyota Highlander, Toyota Aurion
XV70
көрсөтүү
ӨндүрүүчүToyota Motor Corporation
Өндүрүү жылдары2017— ?

«Camry» аталышы 冠 (канмури) кытай иероглифинин япон фонетикалык жазуусунан келип, ал «таажы» дегенди билдирет. Кыргызстанда башка авто унаа фирмалары менен бирге туруктуу суроо-талапка ээ.

XV10

Бул муундагы Camry 1991-жылдан 1996-жылга чейин седан кузовунда Toyota Scepter маркасында чыгарылган. 1992-жылдан тарта универсал кузовунда да чыгып турган. 1993-жылдан баштап экспортко Toyota Camry маркасында чыгарыла баштап, бир убакта эле эки ар түрдүү Camry маркасындагы унаалары болгон. Япон рыногу үчүн Camry жана чоңураагы экспорт үчүн.

toyota camry xv10
toyota camry xv10

Бул мууну Германия, АКШ жана Япониянын өзүндө жайгашкан бир нече заводдордо өндүрүлгөн. 100 000 чамасында чыгарылган. Оригиналдуу Camry ге окшош дизайнга ээ болуп, бирок андан айырмаланып, өлчөмү чоң жана көлөмү 2,2 - 3,0 литрлүү кубаттуу кыймылдаткычтар менен жабдылган.

Бул моделдин көпчүлүк сатылуулары түндүк америкалык рынокко туура келип, 60-63% түзгөн, калган 40/37/35% Япония Европа, КМШ жана башкаларга тараган. Ошол эле убакта чоңураак Vista аналогу (Toyota Windom) экспортко Lexus ES катары жеткирилип, Scepter сыяктуу алгачкы моделдин атын алган эмес.

XV20

1996-жылдын августунан баштап 2002-жылдын ноябрь айына чейин чыгарылган. Solara купеси 1998-жылдан, ал эми кабриолети 2000-жылы пайда болгон. Машина чыгарылган жеринен, өлкөсүнөн, багытталышына, модификациясына жараша ар кандай аталыштарга ээ болушу мүмкүн: Camry (үй-бүлөлүк седан), Camry Solara (купе), Avalon (дөңгөлөк базасы чоңойтулган люкс класстагы седан), ошондой эле Windom жана Gracia (люкс модификациясы). Автомобилдин бир нече бөлүгүн АКШда даярдашкан. Мисалы, Кентуккиде (АКШ) Avalonдун люкс версиясын дагы чыгарышкан, ал эми Solara купе жана кабриолетин Канада Кембриджинде жасап, анын vin номери 2TI менен башталган. JT индексиндеги моделдер - официалдуу түрдө Орусияда сатышкан. Европада машина анча суроо-талапка ээ эмес болчу.

toyota camry xv20
toyota camry xv20

XV30

Camry үлгүсүндөгү Toyotaнын бешинчи мууну 2001-жылдын июнь айынан баштап 2005-жылдын декабрь айына чейин Японияда, 2006-жылдын январынан июнь айына чейин АКШда жана Австралияда чыккан. Модель универсал кузовусуз чыгарылып, анын ордун алмаштыруу максатында Toyota Sienna минивэни, ошондой эле Toyota Highlander, Toyota Harrier (Lexus RX300) кроссоверлери чыгарылып Camry платформасын колдонгон. Кыргызстанда Toyota Camry дээрлик бардык түрлөрү кезигет, оң жана сол рулдуулары менен кошо. 5 тепкичтүү автоматты (автоматтык кыймыл берүү кутусу - АКБК) кыймылдаткычынын көлөмү 3,0 болгон рестайл унааларын Япониядан башка бүткүл Азияга чыгарышкан.

toyota camry xv30
toyota camry xv30

XV40

2006-жылдын январынан 2011-жылга чейин өндүрүлгөн. Унааны жасоого Япония, АКШ, Австралия жана Франция инженерлери эмгек кылышып, түрдүү рынокторго Camry XV40 версиялары абдан айырмаланышы мүмкүн. Америкада, Японияда, Англияда 2,4 литр көлөмдөгү версиялары, ал эми Түштүк-Чыгыш Азияга 2 литрлүү көлөмдөгү кыймылдаткычтар менен чыгарылган. Toyota кыймылдаткычындагы оригиналдуу майлоочу майы 5W-40, АКБКдагы май - ATF WS. Япониянын ички рыногунда Camry 2,4 литрлик агрегат, автоматтык кыймы берүү кутусу менен жеткиликтүү, ошондой эле толук приводдулары дагы бар.

toyota camry xv40
toyota camry xv40

2006-жылдын мартынан Toyota Camry Hybrid чыгарылууда. Toyota Camry алтынчы мууну - бул анын гибриддүү агрегаты менен жеткиликтүү биринчи мууну десек болот. Camry Hybrid, Hybrid Synergy Drive экинчи муунун колдонуп, 4 цилиндрлүү бензин кыймылдаткычынан, ошондой эле 134 (100кВт) ат күчүнө барабар электр кыймылдаткычынан турат. Гибриддик кыймылдаткычы бар моделдердин арасынан Camry үчүнчү модели. Буга чейин Toyota Prius жана Toyota Highlander болгон. Официалдуу түрдө Camry Hybrid Түндүк Америкада жана Японияда гана сатылат.

2009-жылы модель анча-мынча өзгөрүүлөргө дуушар болот - радиатордун торчосу, алдыңкы бампер өзгөрүп, каптал күзгүлөрдө бурулуш көрсөткүчтөрү пайда болот, ал эми премиум комплектацияларында багаж капкагында хромдолгон сызыктар көркөмдүк берип турган. Салондо чоңураак диагоналдагы монитор орнотулуп, борбордук консоль жаңы күмүш каптамга ээ болот.

XV50

2011-2019-жылдары чыгарылган. 2014-жылы моделдин рестайлинги жүргүзүлгөн.

toyota camry xv50
toyota camry xv50

Коопсуздук

Авто унаа ANCAP австралиялык көз каранды эмес ассоциациясы менен текшерилип, бардык критерийлер боюнча 5 жылдызга ээ болгон (Toyota Aurion авто унаасы текшерилген, ал Toyota Camry XV50 унаасына окшош).

2012-жылы IIHS (Insurance Institute for Highway Safety) америкалык камсыздандыруучу коопсуздук институтунда текшерилирип, деформациялануучу тоскоолдукка саатына 64 чакырым ылдамдыкта урунууда, капталынан соккондо, жана шыбынын катуулугун текшергенде жогорку коопсуздукту көрсөткөн. Бирок жаңы краш-тест өткөргөндө, 25% жабуусу бар деформацияланбаган тоскоолдукка саатына 64 чакырым ылдамдыкта урулганда өтө начар коопсуздукту көрсөткөн: алдыңкы сол дөңгөлөгү салонго кирип кетейин деген абалда болуп, манекендин буттары зыянга учурашы мүмкүн болчу, тизени коргоочу коопсуздук жаздыгы да жардам берген эмес. Айдоочу дээрлик фронталдык коопсуздук жаздыгына тийген эмес, руль дөңгөлөгү пассажир жакка жылып кеткен, ал эми шыптын алдыңкы сол тирөөчүсү деформацияланып, айдоочунун коопсуздугун коркунучка келтирген. Коопсуздук куру туура иштеген эмес.

2014-жылы ушул эле институт Camry менен Prius жаңыланган 2014-жылкы моделдик саптын унааларын сынайт. Эки унаа тең жаман эмес бааларга ээ болот: «Acceptable» («канааттандыраарлык»). Инженерлер кээ бир начар жерлерин оңдошкон, алар, Camry акыркы тесттеринде дөңгөлөк салонго кирип кеткен эмес, ал эми тирөөчтөр бекемирээк болуп жасалган.

Жабдылуусу

Комлектациясына жараша автомобиль жакынкы жарыктын ксенон чырактары, арткы көрүнүштүн камерасы, парковка датчиктери, 9 SRS коопсуздук жаздыкчалары (эки фронталдык, төрт капталдык, эки көшөгө сымал жана айдоочу үчүн жаңы тизе жаздыкчасы), салондун булгары капталышы жана башкалар менен жабдылган. 2013-жылдан тарта «Стандарт» комплектациясында карбон окшотуп жасоо бар.

Кыймылдаткычтар

Башында 3,5 литрлик V6 кыймылдаткычынын кубаттуулугу 277 ат күчүнө барбар болгон, бирок 2013-жылы 249 а. к. чейин дефорсацияланган (азайтылган). Кубаттуулугун азайтуу себеби анын конкруренттүүлүгүн жогорулатуу, транспорт салыгына тууралоо болгон.

КыймылдаткычКубаттуулугуМаксималдуу айлантуу учуруАралаш циклдеги отун чыгымы
1,8 л125 ат күчү120 Н•м8 л/100 чакырымга
2 л148 а. к.190 Н•м8.3 л/100 чакырымга
2,5 л181 а. к.231 Н•м7.8 л/100 чакырымга
3,5 л249 а. к.346 Н•м9,3 л/100 чакырымга

Динамикалык көрсөткүчтөр

Кыймылдаткыч көлөмүМаксималдуу ылдамдыксаатына 0дөн 100 чакырымга чейинки ылдамданууКубаттуулугуКыймыл берүү кутусу
1,8 л180 чак/саат13 сек125 а. к.автомат 4 тепкичтүү
2,0 л190 чак/саат12,5 сек148 а. к.автомат 4 тепкичтүү
2,5 л218 чак/саат9 сек181 а. к.автомат 6 тепкичтүү
3,5 л218 чак/саат7 сек249 а. к.автомат 6 тепкичтүү

XV70

2017-жылдан тарта чыгарылууда. Авто унаа муруңку 2,0-2,5 литрлүү жана жаңыланган 3,5 литрлүү кыймылдаткычтарга ээ. 3,5 л кыймылдаткычы айкалыштырылган отун чачуу менен жабдылган.

toyota camry xv70
toyota camry xv70

Заводдор:

Өзгөчөлүктөр

XV80

Toyota Camry XV80 2023-жылы чыгышы күтүлүүдө.
Жайгаштыруу: 2020-10-12, Көрүүлөр: 2099, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-01-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо