Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Товар-сай

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Товар-сай

Товар-сай - Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунундагы айыл. Авлетим айыл округуна карайт. Авлетим суусунун жанында, тоо этектей деңиз деңгээлинен 1250 метр бийикте орун алган. Район борбору Кербен шаарынан 37 чакырым түндүк-чыгыш жакта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 103 чакырым. Кыштак 1938-жылы калыптанган. Калкынын саны 1000дей (2012); негизинен мал багышат. Турмуш-тиричилик үчн кызмат кылган жайлар, соода мекемелери иштейт. "Товар" деген сөз илгерки түрк тилинде "мал" деген түшүнүктү билдирет; топонимдин этимологиясы "малдуу сай", "малдуу өрөөн" деген мааниде.

Жайгаштыруу: 2018-06-28, Көрүүлөр: 943, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-06-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо