Кучкач бала менен Тоту кыз кичинекей кезинен баштап бирге осуп, бирге чоноюшуптур. Бир-бири менен абдан ынтымактуу экен. Кочодо да, уйдо да, эгиз козудай ээрчишип журушчу дейт. Жылдар жылып, ал экоо тен чоноюшуптур. Тоту кыз суйсалган сулуу кыз болуп, Кучкач бала да эр жетип калыптыр. Эми алар баш кошуу, бирго омур суруу жонундо кыялдана башташыптыр. Бирок экоо тен колунда жок кедейлердин балдары болгондуктан, оз мудоосун ишке ашырууга такыр шарты, мумкунчулуктору келбей, арманда журо беришиптир. Ушу кезде айыл башкарган Балбак бай деген адам Тоту кызга козу тушуп, аны аялдыкка алмай болуп калат.
Тоту кыз менен Кучкач бала башка эл, башка журтка качып кетууго аракет кылышат. Кыз экоо шерттешип, Улуу Тоодон тункусун эмес, кундузу эле, чак туш ченде жолукмак болушат. Тоту кыз менен Кучкач баланын качарын кун мурунтан билип калган Балбак бай жигиттерин чогултуп келип, экоону ороп калат. Айла тугонот. Too кушундай эркин жашоону самаган жаштар кутулуп кетуунун айла-амалын издешет. Тоту кыз кокту карап жалынып-жалбарып жиберет: - Оо, кудуреттуу Кун! Ай-ааламды кучагына алган Асман! Бизди ушу азаптан сактагын! Куткарып калгын!
Кучкач бала да чоголой калып, Кунго карай таазим этет: - Сенден башка аргабыз калбады! Жардам бер бизге? оз каалашыбызча ээн-эркин жашагыбыз келет! Ал ангыча Балбак байдын жигиттери жакындап калат. Колдорунда кун нуруна жалтылдаган откур кылыч, жаа, найзалары бар. Аяп коёр туру жок, кармаса соо коюшпайт булар! Тоту кыз менен Кучкач бала кучакташып, зоокадан боюн таштамай болушат.
Эн акыркы ирет коздорунон жаш кылгыртып муну айтышат: - Э-э, айланайын Асман! Куттуу Кун! Бизди куткарып калгын! Эмесе экообуз тен зоокадан кулап олобуз! Мына ошондо Кун булардын мун-зарын угуп, жардам бергиси келет. Чагылган чартылдайт, айлана алай-дулой болот. Аба аябай уп болуп, демди кысып, ысый баштайт. Суулар шарактап кайнайт, таштар чок болуп кызарат, жер бети алоолонуп куйот.
Балбак бай да, анын жигиттери да заматта куйуп, кул болуп калат. Тируу жандан бир гана Тоту кыз менен Кучкач бала калат. Кантип? Тан калчу окуя! Корсо иш мындай болуптур. Тоту кыз уйдон чыгарында: - Жол журобуз, жол жургондо да мол журобуз, кереги тийип калар, — деп колтугуна катып чыккан нанды так тобосуно коюп отура бериптир. Нанга кундун ысыгы, жалындаган аптабы отпоптур.
Ал эми Кучкачты колундагы кетмени колоко болуп сактап калыптыр! Мына ошондо Тоту кыз да, Кучкач бала да кетмен менен нанды алаканга салып, коздоруно суртуптур, эрдине тийгизип туруп, шолоктоп ыйлап жиберишиптир. Кундун аптабы дароо кайтыптыр. Жер бети кайрадан кадимкидей калыбына келиптир. - Оо, кудуретинден кагылайын нан жаныбар! - дептир Тоту кыз, - биздин омур азыгыбыз сен болдун!
Олумдон сактап калдын! - Оо, кереметтуу кетменим! - дептир Кучкач бала, - Нандын, кетмендин касиети ушунчалык кучтуу, ушунчалык улуу экенин эми билип отурам! Сенин кадыр-баркын укумдан-тукумга туболуктуу турмуш катары унутулбай кала берсин!