Орус элинин бул улуу жазуучусунун китептерин бүткүл жер жүзүндөгү элдер жүз жылдан ашуун убактан бери зор кызыгуу менен окуп келе жатышат. Бир эле адам өз чыгармасында бүтүндөй бир жүз жылдыктын окуяларын батырып, ар түрдүү адамдардын: дыйкандын, помещиктин, кол башчынын, жаш кыздын жана баланын ой-кыялынын, ички дүйнөсүнүн кыймылын өтө кылдаттык менен көркөм сүрөттөп бере алгандыгы таң калтырат. Ал үчүн, мүмкүн, Лев Николаевич Толстойдун өмүрүндөй узак өмүрдүн бир нечесин өткөрүүгө туура келер беле? Л. Н. Толстой орустун байыркы тектүү тукумунан чыккан. Анын бабасы П. А. Толстой Пётрдын максатташы болгон. Лев Николаевич менен А. С. Пушкиндин тууганчылык жайы бар: улуу акындын чоң энесинин энеси менен Л. Н. Толстойдун чоң энесинин чоң энеси эже-сиңди болгон.
Лев Николаевич ата-энесинен эрте жетим калган. Он алты жашында Толстой ошол мезгилдеги мыкты деп эсептелген Казан университетине келип кирген. Университетте үч жыл окугандан кийин, жаш жигит өз алдынча билим ала баштайт. Ал өтө көп нерсеге кызыккан. Чет тилдерди үйрөнүүгө анын таң каларлыктай жөндөмү болгон, айрыкча тарых, музыка, укук илими, медицина, айыл чарбасы боюнча китептерди көңүл коюп өтө көп окуган, сүрөт тарткан.
Толстой өмүрү өткөнчө билим алууну уланткан жана абдан билимдүү адам болгон. 1851-жылы Толстой аскер кызматына өтүп, Кавказга кетет. Аскердик жүрүштөрдө өзүнүн баатырдыгын сынап көргүсү келген. Кавказда Толстой «Балалык», «Өспүрүм кез», «Жаштык» повесттерин жаза баштаган. Повесттин каарманы - Николенька Иртеньев, ак сөөктүн баласы.
Ал акылдуу, боорукер жана сезимтал бала болгон. Николенька кээде өзүнүн же башкалардын жасаган иштери туура эместигин түшүнгөндө жана кара ниеттүүлүктү сезгенде, ал өзү үчүн да өңгөлөр үчүн да абдан уялып, өкүнгөн. Ал өзүндөгү жана башкалардагы кемчиликтерди тез эле жоюуга шашат. Николенька өзүнүн бир туугандары менен канткенде бүткүл адамзатты бактылуу кыла ала тургандыгы жазылган «жашыл таякчаны» издешет. Николеньканы - көп жагынан Лев Николаевич Толстойдун өзү деп түшүнсө болот. 1855-жылдагы Крым согушу мезгилинде душмандын курчоосунда калган Севастополдо батареяга командалык кылган. Окоптордо, атылган ок арасында жүрүп, ал белгилүү «Севастополь аңгемелерин» жазган. Мында «Чабуул» жана «Токой кыюу» аттуу кавказ аңгемелериндегидей эле согуштун ырайымсыздыгы жана андагы кандын төгүлүшү адилеттик менен сүрөттөлгөн.
Согуш бүткөндөн кийин Толстой отставкага чыгат да, өз өмүрүн адабиятка арноону чечет. Ал Туланын жанындагы Ясная Поляна чарбагына жайгашат. Толстой бул жерлерди жакшы көргөн. Балдар үчүн жомокторду жана түрлүү тарыхый окуяларды жазган, алардын ичинде «Үч аюу», «Филиппок», «Кавказ туткуну», «Кумурска жана көгүчкөн» сыяктуу китептер болгон. Толстой Ясная Полянадагы мектепте тарыхтан сабак берген. Дыйкандардын балдары анын 1812-жылы Наполеондун Россияга жасаган жүрүшү жөнүндөгү аңгемесин кунт коюп угушкан. Наполеондун аскерлерин талкалаган орус элинин эбегейсиз баатырдыгы тууралуу Толстой өзүнүн абдан чоң чыгармасын - «Согуш жана тынчтык» романын жараткан. Жазуучу бул китепти 1863-жылдан 1869-жылга чейин алты жыл бою жазган. Өз романы менен ал душмандын баскынчыл согушуна каршы адилет согушта орус элинин биримдүүлүгүн жана тууган жеринин тагдырын чечүүгө толук жөндөмдүү экендигин далилдеген.
Анын «Согуш жана тынчтык» романы жана башка чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. Гений жазуучунун зоболосун «Анна Каренина» жана «Пейилдин оңолушу» аттуу романдары ого бетер көтөрдү. Бүт Россия анын мыкты аңгемелери жана повесттерин («Хажы-Мурат», «Казактар»), драмаларын («Тирүү өлүк», «Агартуунун үзүрү») кызыгып окуп жатты. Өз чыгармаларында Толстой адам деген атты эмгектене билген, адамга жакшылык кылган, өзүнүн милдетин абийирдүүлүк менен аткаргандар гана алып жүрө алат деп жазган. Толстой күн сайын иштеген, талыбаган эмгекчил адам болгон. Анын бардык чыгармалары 90 томду түзөт. Толстой 82 жашында жаңы турмуш баштоо үчүн үйүнөн кетет.«Мен бай турмушта жашоону каалабайм» - деп жазып калтырган жакындарына. Жолдо Толстойго суук тийип ооруп калат.
1910-жылы 7-ноябрда Лев Николаевич темир жол станциясынын начальниги Астаповдун үйүндө дүйнөдөн кайткан.