Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тогуз коргоол оюнунун эрежелери

Баш барак | Башкалар | Тогуз коргоол оюнунун эрежелери

Тогуз коргоол кантип ойнолот? Келгиле ойноо эрежелерин билип алалы. Тогуз коргоол - кыргыз элинин улуттук акыл оюну. Атайын жасалган тактада 2 адам ойнойт. Такта 18 үйдөн жана 2 казынадан турат. Ар бир оюнчуга 9 үй, 1 казына таандык. Эгерде үйлөрдү солдон оңго карай 1ден 9га чейинки сандар менен белгилесек, анда ал сандарга туура келген үйлөрдүн аттары төмөнкүдөй болот: 1-үй - куйрук, 2-үй - ат өтпөс, 3-үй - текилдек, 4-үй - далы, 5-үй - бел, 6-үй - ак колтук, 7-үй - эки тишти, 8-үй - көк моюн, 9-үй - ооз. Тогуз коргоол оюну көп жабдууларды талап кылбайт. Оюнга бардыгы 162 коргол керек. Ар бир оюнчу жеңип чыгышы үчүн 81ден коргол жыйноого умтулат. Жүрүш чучукулак аркылуу аныкталат.

Тогуз коргоол эрежелери
Жүрүштү баштаган адам өзүнүн каалаган үйүнөн бардык корголдорду алып, жүрүш жасаган үйдөн баштап саат жебесинин багытына каршы (солдон оңго) өзүнүн үйлөрүнө да, атаандашынын үйлөрүнө да катары менен бир-бирден коргоол таштап жүрүп отурат. Эгерде, эң акыркы коргол атаандашынын кайсы бир үйүнө түшүп, ошол үйдөгү корголдордун жалпы саны жуп болуп калса (2, 4, 6, 8 ж. б.), бул жүрүш жеңиштүү деп саналат да, жүрүш жасаган оюнчу ошол үйдөгү корголдорду уткан болуп эсептелет. Ал оюнчу уткан корголдорду бүт бойдон өз казынасына салып алат. Ал эми акыркы коргол түшкөн үйдөгү корголдордун саны так болуп калса (1, 3, 5, 7, 9 ж. б.) же өз жагындагы үйлөрдүн бирине түшсө, жөнөкөй жүрүш жасалды делип, ал үйдөгү корголдор эч бир казынага алынбайт. Бул, оюндун жалпы эрежеси.

Тогуз коргоол жүрүтөрүн жазып алуу
Ойнолгон оюндун жүрүшүн кагазга түшүрүп жазып алса болот. Мисалы, 412-611. Бул жазууну мындай түшүнүү керек: 4-үйдөгү 12 коргоол менен жүрүш жасалып, акыркы коргол 6-үйгө түшүп, ал үйдөгү корголдордун саны 11 болду. Бул жөнөкөй жүрүш. Эгерде жасалган жүрүш жеңиштүү болсо, анда жазуу 512:710 болот. Бул төмөнкүнү түшүндүрөт: жүрүш 5-үйдөгү 12 коргол менен жасалып, акыркы коргол 7-үйгө түшүп, андагы корголдордун саны 10 болуп, ошол корголдор казынага алынды. Демек, жөнөкөй жүрүш сызыкча (-), жеңиштүү жүрүш эки чекит (:) менен белгиленет. Тогуз коргоол боюнча 1972-жылдан райондук, облустук, республикалык мелдештер, Кыргыз Республикасынын чемпионаттары жыл сайын өткөрүлөт. О. Касымакунов, М. Майлыбашев, М. Качкынбаев, О. Базарбаев, А.Чылымов ж. б. өңдүү белгилүү оюнчулар бар.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-06-28, Көрүүлөр: 19373, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-06-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо