Төлөгөн Касымбеков
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:Кыргыздын улуу жазуучусу, романистика чебери жана коомдук ишмер “Төлөгөн Касымбеков” 1931-жылдын 15-январында Аксы районуна караштуу Ак-Жол кыштагында туулган. Орто мектепти бүткөн соң, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген. “Төлөгөн Касымбеков” 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору болуп иштей баштайт, кийинчирээк 1960–1973-жылдары «Ала-Too» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторго чейин чоңоюп иштеп келет. 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974–1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирикмесинде адабий кеңешчи, 1987-жылдан тарта ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген. 1965-жылы жазуучунун «Адам болгум келет» повести «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылып чыккан. Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн. 1966-жылы жарык көргөн «Сынган кылыч» тарыхый романы мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы «Прогресс» басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. “Төлөгөн Касымбеков” 1959-жылдан тарта СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алып, 1990–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болду. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп иш алып барып, 1990-жылдары Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болуп дайындалган. 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “Токтогул” сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамына татыган. Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына (кийинки «Ала-Too») басылган. «Адам болгум келет» повести 1965-жылы «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылган. Ал эми 1966-жылы жазылган «Сынган кылыч» тарыхый романы орус тилине которулуп, Советтер Союзунун бардык элдеринин тилдерине которулган. 1986-жылы "Кел-Кел" романы жарык көргөн. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн 1970-жылы В. И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган. 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылып, «Ак шумкар» менен белгиленген.
Тоолуу жер, малга жайлуу кокту-колот,
Туулган жериң, Төкө, Аксы болот.
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.
Ырчы кылган таластык Жеңижокту,
Ырахмат айтып койсом жакшы болот.
Жалтаңынын найзадай мизи болот.
Жайы салкын, калың кар кышы болот.
Айдарымдын жубайы — келинибиз,
Аксылык Топчубектин кызы болот.
Окугам «Адам болгум келетиңди»,
Ошонуң турмуш жолун ачып берген.
Алмак болуп борбордон илим-билим,
Айылдан Фрунзеге качып келгем.
Атыңды түбөлүккө унуттурбайт,
Айтылуу романың «Сынган кылыч».
Жараттың дагы нечен чыгармалар,
Жазылбады бирок да мындан дурус.
(Казакбай Абдышев)
Кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалары:
Кичинекей жылкычы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 36 б.
Туулган жер: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 117 б.
Адам болгум келет: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 159 б.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 304 б.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 565 б.
Жетилген курак: Аңгеме, повесттер, тарыхый драма, эски накыл, роман.– Ф.: Мектеп, 1976. – 75 б.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 568 б.
Ак кызмат: Тарыхый очерк. – Ф.: Мектеп, 1980. – 88 б.
Кел-кел: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 568 б.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 712 б.
Баскын: Тарыхый роман. – Б.: Шам, 2000. – 400 б.
Кыргын 16-жыл. – Б.: Бийиктик, 2004. – 383 б.
Орус тилинде
Коке: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 75 с.
Хочу быть человеком: Повесть. – М.: Советский писатель, 1965. –140 с.
Алымкан: Тарыхый лирикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 115 б.
Хочу быть человеком: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. «Повести небесных гор» жыйнагында. 633–727 с.
Хочу быть человеком: – М.: Художественная литература, 1968.
Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 475 с.
Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Худож. лит., 1978. – 496 с.
Сын табунщика: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1979. – 64 с.
Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Известия, 1980. – 478 с.
Зрелость: Роман, повесть. – М.: Сов. писатель, 1981. – 255 с.
Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Мектеп, 1987. – 48 с.
Башка элдердин тилдеринде
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1971. – 253 б. – каз.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 260 б. – каз.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1981. – 553 б. – каз.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ташкент: Адабият жана искусство басмасы, 1980. – 382 б. – өзб.
Адам болгум келет. – Рига: Лиесма, 1972. – 140 б. – латыш.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Киев: Днипро, 1978. – 413 б. – укр.
Сынган кылыч: Тарыхый роман. – М.: Прогресс, 1980. – 517 б. – англ.