TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Төлөгөн Касымбеков макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кыргыздын улуу жазуучусу, романистика чебери жана коомдук ишмер “Төлөгөн Касымбеков” 1931-жылдын 15-январында Аксы районуна караштуу Ак-Жол кыштагында туулган. Орто мектепти бүткөн соң, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык кеңешинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген. “Төлөгөн Касымбеков” 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору болуп иштей баштайт, кийинчирээк 1960–1973-жылдары «Ала-Too» журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редакторго чейин чоңоюп иштеп келет. 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974–1981-жылдары Кыргызстан Жазуучулар бирикмесинде адабий кеңешчи, 1987-жылдан тарта ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланып, анын адабий чыгармачылыгынын тушоосу кесилген. 1965-жылы жазуучунун «Адам болгум келет» повести «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылып чыккан. Учурунда кыргыз адабиятындагы тарыхый романистиканы жаңы сереге көтөргөн. 1966-жылы жарык көргөн «Сынган кылыч» тарыхый романы мурдагы Советтер Союзунун дээрлик бардык элдеринин тилдерине которулган. 1980-жылы «Прогресс» басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. “Төлөгөн Касымбеков” 1959-жылдан тарта СССР Жазуучулар Биримдигине мүчө болгон. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алып, 1990–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болду. Жогорку Кеңештин тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык комиссиянын жетекчиси болуп иш алып барып, 1990-жылдары Кыргызстан Эркин Жазуучулар союзунун башчысы болуп дайындалган. 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланып, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик “Токтогул” сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамына татыган. Залкар жазуучу 2011-жылдын 16-июнунда Бишкек шаарында каза болгон. Төлөгөн Касымбековдун «Кичинекей жылкычы» деген чыгармасы 1952-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына (кийинки «Ала-Too») басылган. «Адам болгум келет» повести 1965-жылы «Советский писатель» басмасынан орус тилинде басылган. Ал эми 1966-жылы жазылган «Сынган кылыч» тарыхый романы орус тилине которулуп, Советтер Союзунун бардык элдеринин тилдерине которулган. 1986-жылы "Кел-Кел" романы жарык көргөн. Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн 1970-жылы В. И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, 2001-жылы 1-даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. 1986-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган. 2006-жылы «Кыргыз Эл Баатыры» наамы ыйгарылып, «Ак шумкар» менен белгиленген. Тоолуу жер, малга жайлуу кокту-колот, Туулган жериң, Төкө, Аксы болот. Ырчы кылган таластык Жеңижокту, Ырахмат айтып койсом жакшы болот. Жалтаңынын найзадай мизи болот. Жайы салкын, калың кар кышы болот. Айдарымдын жубайы — келинибиз, Аксылык Топчубектин кызы болот. Окугам «Адам болгум келетиңди», Ошонуң турмуш жолун ачып берген. Алмак болуп борбордон илим-билим, Айылдан Фрунзеге качып келгем. Атыңды түбөлүккө унуттурбайт, Айтылуу романың «Сынган кылыч». Жараттың дагы нечен чыгармалар, Жазылбады бирок да мындан дурус. (Казакбай Абдышев) Кыргыз тилинде жарык көргөн чыгармалары: Кичинекей жылкычы: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 36 б. Туулган жер: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 117 б. Адам болгум келет: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 159 б. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 304 б. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 565 б. Жетилген курак: Аңгеме, повесттер, тарыхый драма, эски накыл, роман.– Ф.: Мектеп, 1976. – 75 б. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 568 б. Ак кызмат: Тарыхый очерк. – Ф.: Мектеп, 1980. – 88 б. Кел-кел: Тарыхый роман. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 568 б. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 712 б. Баскын: Тарыхый роман. – Б.: Шам, 2000. – 400 б. Кыргын 16-жыл. – Б.: Бийиктик, 2004. – 383 б. Орус тилинде Коке: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 75 с. Хочу быть человеком: Повесть. – М.: Советский писатель, 1965. –140 с. Алымкан: Тарыхый лирикалык поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 115 б. Хочу быть человеком: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1967. «Повести небесных гор» жыйнагында. 633–727 с. Хочу быть человеком: – М.: Художественная литература, 1968. Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 475 с. Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Худож. лит., 1978. – 496 с. Сын табунщика: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1979. – 64 с. Сломанный меч: Ист. роман. – М.: Известия, 1980. – 478 с. Зрелость: Роман, повесть. – М.: Сов. писатель, 1981. – 255 с. Сломанный меч: Ист. роман. – Ф.: Мектеп, 1987. – 48 с. Башка элдердин тилдеринде Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1971. – 253 б. – каз. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1975. – 260 б. – каз. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Алма-Ата: Жазушы, 1981. – 553 б. – каз. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Ташкент: Адабият жана искусство басмасы, 1980. – 382 б. – өзб. Адам болгум келет. – Рига: Лиесма, 1972. – 140 б. – латыш. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – Киев: Днипро, 1978. – 413 б. – укр. Сынган кылыч: Тарыхый роман. – М.: Прогресс, 1980. – 517 б. – англ.