Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Террариум

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Террариум

Террариум - жерде-сууда жашоочулар жана сойлоочулар үчүн жай, ал латынча терра башкача айтканда жер деген сөздөн келип чыккан. Эгер силер зоопаркка барсаңар, андан жылан жана таш бакалар жашаган террариумду көргөндүрсүңөр. Анда топурак төгүлүп жасалган жер да, суусу бар кичинекей бассейн да, таштар, а түгүл өсүмдүктөр да бар. Террариумдарда жаныбарларга алар эркин жүргөндөгүдөй шарт түзүүгө аракет жасалат. Андагы жаныбарлардын денесинин температурасы туруктуу болбойт, көпчүлүгү жылуулукта гана жашайт. Ошондуктан террариумда дайыма керектүү температура сакталып турат. Зор террариумдар да болот, аларда мисалы, муунткучтар (удав), эчки эмээрлер жашайт. Кичинекей террариумдарда бака жана кескелдириктер багылат. Баарынан ыңгайлуу эски аквариум болот. Ага топурак салып, суу куюу үчүн идиш (кыры көрүнбөгөндөй кылып топуракты оюп туруп койгула), майда таш жана мамык чоп салып коюу керек.

Суусун алмаштырып турууну унутпагыла. Мында кескелдирик, бака, суу жылан тритондор жашай беришет. Эгерде террариумдун туш тарабы айнек болсо анын үстүн жабууга болбойт: жаныбарлар тумчугуп калат. Эгерде аны ачык калтырса кээ бир жашоочулар чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн айнек террариумду тор менен жаап коюшат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 994, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу