Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Термит

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Термит

Термиттердин чабуулу - тропик өлкөлөрүндө жашоочулар үчүн табигый кырсык. Тропикте термиттерди ак куму река деп аташат. Алардын өңү ак, анын үcтүнө кумурскалар сыяктуу чогулуп уя жасап, топ-топ болуп жашайт. Ошентсе да аны кумурска деп атоо таптакыр туура эмес. Термиттер тараканга көбүрөөк окшош, бирок тиричилигинин түрү боюнча башка эч бир жандыктарга окшобойт. Термиттердин түрү көп. Кээ бири уюктарда жүздөп, кээси жүз миңден миллионго чейин чогулуп жашайт. Ар бир түрүнүн уюгу ар башка: кээ бириники жер үстүндө болсо, башкаларыныкы жер астында. Жер үстүндөгү уюктары ар түрдүү: цилиндр, шар, пирамида, көзу карын формасында болот. Алардын бийиктиги да бир нече метрге жетет. Ошентсе да термиттердин бардык түрүнүн жашоо турмушу дээрлик бирдей.

Уюкта жашоочулар касталарга бөлүнөт: эркеги менен ургаачысы тукумдайт, жумушчу термиттер азык топтоп, уяларды тазалайт, башка термиттерди багат, жоокер термиттер - катуу жаактуулар уюкту душмандан коргоп, ага кирчү бардык тешиктерде сакчылык кызмат өтөйт. Коркунуч болор замат алар үн чыгарып белги беришет, ага жооп кылып уянын түбүнөн катуу шуудураган добуш чыгат. Ал кээде бир нече метр аралыкка дейре угулат. Эгер душман андан коркпосо, жоокерлер белсенип, согушка чыгышат. Тынчтык мезгилде термиттер азык ташып, укум-тукумун багуу менен алек болот. Бул оңой иш эмес, анткени термиттин кээ бир түрүнүн ургаачысы жылына 10 миллиондой жумуртка таштайт. Термиттер соргок келет. Негизинен өсүмдүктөр менен азыктанат, бирок көбүнчө даярдалган жыгачтарды - тактай, устун, түркүк, шпалдарды жегенди жакшы көрүшөт. Алар тактайды көзөп ичине киришет да, көңдөй кылып ичинен жей берет.

Ал эми сыртынан эч нерсе байкалбайт. Ошентип, күндөрдүн биринде заңгыраган бекем үй бычырап, чамындыга айланып кулап түшөт. Эгер термиттер көбөйүп кетсе, бүтүн кыштакты жок кылат, бак, плантацияларды кыйратат. Тропиктик өлкөлөрдөн тышкары термиттердин бир нече түрү Орто Азияда, Молдавияда жана Украинанын түштүгүндө жашайт. Алар тропиктеги термиттердей көп болбосо да кыйла зыян келтирет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 499, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо