Теңсалмактандырылган тамак-аш

Тамак-ашсыз жашоо мүмкүн эмес, анткени организмдеги клеткалар жаңырып туруш үчүн курулуш материалы, энергия керек. Тамактын курамындагы белок, май, углевод, суу, минералдык заттар, витаминдер, башкача айтканда, азык заттар бар. Бул заттарды организм курулуш материалы, энергиянын булагы катары керектейт, бул заттар организмдин тиричилик процесстеринин жүрүшүн камсыз кылат. Азык заттарга болгон муктаждык бардык адамдарда бирдей эмес, себеби ал кишинин курагына, турмушунун мүнөзүнө, ден-соолугуна жана көптөгөн башка нерселерге көз каранды. Мисалы, канчалык организм жаш болсо, же көп кыймылдаса ошончолук салыштырмалуу көбүрөөк азык заттар керек. Ушундай болгон соң, ар бир эне өзүнүн балдарынын, үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн муктаждыктарын эске алуу менен тамактандырышы керек. Мындай тамактануу рационалдуу тамактануу деп, ал эми организмдин муктаждыгына өлчөмү жана сапаты жагынан шайкеш келген тамак-аш балансташтырылган тамак-аш деп аталат (баланс - тең салмактуулук).

Бул тамак-аш баланын туура өсүүсүнүн жана өөрчүшүнүн, ден-соолугунун бекемделишинин негизги шарттарынын бири. Балансташтырылган тамак-аштын негизги бөлүгү - организмде көп милдеттерге ээ болгон белоктор. Ошондуктан балдарга белокторго бай этти, жумуртканы, сүттөн жасалган тамак-ашты бериши зарыл. Айрым жашылчаларда, мисалы буурчакта, белоктор салыштырмалуу көп. Бирок, биринчи аталган тамактар толук баалуу, башкача айтканда организмге керек болгон бардык аминокислоталарды камтыйт, экинчилери камтыбайт. Ошого карабастан балдарга жаныбар жана өсүмдүктүн белокторун берүүбүз тийиш, анткени жашылчалар тамак сиңирүү процесстерине оң таасир берет, витаминдерди алып жүрөт. Белоктордой эле майлар дагы организмге курулуш материалы жана энергиянын булагы болуп эсептелет.

Балдардын тамак-ашында жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн майлары болушу керек, себеби жаныбарлардын майлары каныккан май кислотасынан түзүлсө, өсүмдүк майында - каныкпаган. Каныкпаган май кислоталарга балдардын муктаждыгы чоң кишиге салыштырмалуу көбүрөөк, канчалык бала жаш болсо, ошончолук бул кислоталардын жетишпегендигине сезимтал келишет. Организмди энергия менен негизинен углеводдор камсыздандырат. Ошондуктан балдар чоң кишилерге караганда көп кыймылдашкан соң углеводдорду көбүрөөк талап кылышат. Балдардын таттууну көп жегенинин себеби ушунда. Түрдүү азык заттардын катыштык өлчөмү да белгилүү болушу керек. 1 жаштан улуу балдардын тамак-ашында орто эсеп менен белоктордун, майлардын жана углеводдордун өлчөмдөрүнүн бири бирине болгон катышы 1:1:4 барабарланат (1-сүрөт). Организмдин клеткалары дагы суу жана минералдык заттар дан түзүлгөн соң, алардын өсүп, өөрчүгөн балага мааниси зор. Минералдык заттардын арасынан маанилүү болгон кальций, анткени анын 99%ы сөөктөрдүн өсүшүнө жумшалат.

Ошол себептен балдардын тамактануусунда кальцийге бай сүт азыктары чоң роль ойнойт. Балдардын тез жүргөн зат алмашуусу бузулбаш үчүн, аларга тамак - аштагы витаминдер да жетиштүү болушу зарыл. Балансташтырылган тамак-ашты даярдоо, албетте, оңой эмес. Ал үчүн:1.Баланын азык заттарга болгон муктаждыгын билүүгө тийиш.2.Тамак-аштын белгилүү өлчөмүндө белгилүү азык заттардын зарыл өлчөмүн санап, эсептөөнү билүү зарыл.3.Тамак-аштагы азык заттардын бири бирине болгон катнашын аныкташы керек.4.Тамак-аштын энергиялык баалуулугун эсептегенди билиш зарыл.5.Тамактанган азыктардын өлчөмү, сапаты, катнашы туура эмес болсо, аларды тууралаганды билиши тийиш. Эгерде кыйынчылыкка карабастан балансташтырылган тамак-аш менен баланы тамактандырса, баланын өсүп - өөрчүгөнүнө, ден - соолугу чың болушуна негизги шарттар түзүлгөнүнө шек болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)