Эки же андан көп сөздөрдөн айкалышып, бир гана маанини, бир гана түшүнүктү билдирген сөздөр — татаал сөздөр деп аталат.
Мисалы, аш казан, ач көз, кол башчы, ден соолук, кол жазма, калай кашык, алтын саат, ат кулак, орун басар; ата-эне, ага-тууган, жер-суу, эже-сиңди, бала-чака, КР (Кыргыз Республикасы), РФ (Россия Федерациясы), АК (акционердик коом) ж. б.
Татаал создор төмөндөгүдөй мүнөздүү белгилерге ээ:
1. Татаал сөздөрдүн курамындагы сөздөрдү бири-биринен ажыратып кароого болбойт: Ата Журт, алп кара куш, ак чардак, агайын-тууган, өйдө-төмөн, сак-саламат, Базар-Коргон, Кара-Коюн.
2. Татаал сөздөр биригип келип, бир затты, кыймыл-аракетти билдирет: акыл-эс, аман-эсен, ой-тоо, келе жатат, чоң эне, aт чабыш, иштеп жатат.
3. Сүйлөм ичинде татаал сөздөр сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарат:
Ээлик: Ала-Тоо менин үйүмсүң, Ала-Тоо менин сүйүүмсүң.
Баяндоочтук: Келе жатышкандар — ата-энелер, агайын-туугандар, бала-чакалар, эже-сиңдилер.
Аныктоочтук: Тянь-Шандын, Көкиримдин, Ак-Өгүздүн ашууларына бөлүнүштү. Молдо Кылычтын, Молдо Нияздын, Тоголок Молдонун ырларын окурмандар жакшы билишет.
Толуктоочтук: Эл Коңур-Өлөңдү, Алабашты өрдөп конушту.
Бышыктоочтук: Акбар Кароол-Дөбөгө чыкты. Бакай-Атага, Кара-Буурага бардык.
Кыргыз тилиндеги татаал сөздөр үчкө бөлүнөт: кош сөздөр, кошмок сөздөр, кыскартылган сөздөр.
Эки же андан көп сөздөрдүн туруктуу айкалышынан түзүлүп, жалпыланган бир түшүнүктү билдирген, жуп-жубу менен айтылган татаал сөздөр — кош сөздөр деп аталат.
Кош сөздөр маанисине карата төмөндөгүдөй үч топко бөлүнөт:
Эки сөзү тең маани берүүчү кош сөздөр, буга: ата-эне, эже-сиңди, жакшы-жаман, оң-тетири, курбу-курдаш, кышты-кыштай, эл-жер, өйдө-ылдый, оң-тетири, илим-билим, бак-дарак, келим-кетим, сак-саламат, кайгы-капа, көзмө-көз, сөзмө-сөз, оозмо-ооз, курт-кумурска, чымын-чиркей, козу-улак ж. б. сөздөр кирет.
Бири маани берүүчү, бири маани бербеген кош сөздөр, мисалы, эт-мет, китеп-ситеп, мал-сал, бала-чака, азык-түлүк, кийим-кече, көйнөк-көнчөк, кызыл-тазыл, будуң-чаң, тарс-турс, нан-пан, ыгым-чыгым, жоро-жолдош ж. б.
Эки сөзү тең маани бербеген кош сөздөр, мисалы, үрөң-бараң, быкы-чыкы, быт-чыт, кажы-кужу, акыр-чикир, ыпыр-сыпыр, уйгу-туйгу, чак-челекей ж. б.
Кош сөздөр араларына дефис коюлуп жазылат: ага-ини, өйдө-ылдый, кийим-кече, айыл-кыштак, эл-жер, бак-дарак, жоро-жолдош, буркан-шаркан, бүгүн-эртең, үрөң-бараң, ыпыр-сыпыр ж. б.
Эки же андан ашык сөздөрдүн туруктуу айкалышууларынан түзүлүп, так бир түшүнүктү билдирген сөздөр же сөз айкашы — кошмок сөздөр деп аталат.
Кошмок сөздөргө төмөнкүдөй сөздөр кирет:
Кошмок сөздөргө эки же андан көп сөздөрдөн куралган географиялык энчилүү аттар кирет. Алар биригип, баш тамга менен жазылат. Мисалы, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ак-Сай, Тогуз-Торо, Ак-Буура, Сары-Челек, Ала-Бука, Жаңы-Жол, Сары-Жаз, Базар-Коргон, Жети-Өгүз ж. б.
Кээ бир географиялык энчилүү аттар эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлсө, бирок бир компоненти өз алдынча маани бербесе, бирге жазылат: Каракол, Нарынкол, Кеңкол, Каракужур, Кызарт, Торугарт, Көгарт, Көкөмерен, Чаткал ж. б
Бир нече толук маанилүү сөздөрдү баш тамгаларынан, муунунан ж. б. кыскартылып алынышы — кыскартылган сөздөр деп аталат.
Кыскартылган сөздөр төмөндөгүдөй жолдор менен кыскартылат: