TYUP.NET
Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Таш кордо

Таш кордо

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Малды же кайберенди союп, сулп эттерин ажыратып, жукалай кесип алат. Жазы, жука ташты таш тулгага асып, отту улуу жагып, абдан ысытат. Жука кесилген этти ошол таштын үстүнө жабат. От-жалындын күчү менен эт кургап, бирок, майланыша чыктуу бышып, анын даамдуулугу, ширелүүлүгү артылат. "Таш кордо" жегендей суусап - деген кеп айтылган. Бул анын күчтүүлүгүн, денени ысытып, аш болумдуулугу артылганын баамдатат. Таш кордо - ташка бышкан тамак. Мына ушундай кыргыз калкы акылдуу, шарт келбесе ташка дагы ушинтип тамак бышырган.

Көрүүлөр: 1193
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.