Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза жана бөйөн

Баш барак | Гороскоп | Тараза жана бөйөн

Эсеп аркылуу тургузулган, атайын болбосо да, акыл биримдиги. Бул экөөнүн жалпылыктары аз болуп, кезиккенде эле өз ара жакпастыктар же кызыгуулар пайда болушу мүмкүн. Биринчи таасирден андан аркы мамилелердин өнүгүшү көз каранды болуп, бул экөөнүн бир жана маанилүү жалпы өзгөчөлүгү бар - бул айланасындагыларга айкалыша билүү, ушунусу менен булар бири-бири менен макулдашып, жоопкерчиликтерди бөлүштүрө алат. Никеде компромисске бара билүү - эң маанилүү болуп саналат. Бөйөндөр башкаларды түшүнүп жана чебер сезет, Таразалар болсо, локатор сыяктуу, иш-аракеттердин эң төмөнкү нюанстарын кармайт.



Таразалар үчүн Бөйөндөр ийгиликтин жана ийгилик менен байланышкандардын символу болот. Таразалар Бөйөндөргө - мыйзам, салт жана үй-жай. Башкача айтканда, бардыгы тескерисинче, анткени, Таразалар жеңил жана ачык болушат, Бөйөндөр болсо сырдуу жана салттуу.



Экөө тең биринчи орунга ойду, эс-акыл аракеттерин коёт, бирок, Бөйөндөрдүн ою көптөгөн сезимдер менен аралашкан. Таразаларга баарлашу зарыл, Бөйөндөр болсо жалгыздыкты жактырат.



Бул мамилелерде экөө макулдашуу менен алмашып, түгөйдө жалпы максат болсо, алар сөзсүз ийгиликке жетет, бирок жөнөкөй үй-бүлөөлүк жашоо үчүн мындай мамилелер абдан түйшүктүү жана өз ара туруксуз. Токтобогон эмгектерден жана дайыма болуучу акклиматизациядан чарчап калуу мүмкүн.



Бөйөндөрдүн өзүнө гана багытталуусу, ал эми мунун өнөктөшүнүн башкаларга багытталуусу, бул экөөнүн башкы айырмасы болот. Бир караганда, Бөйөндөр эгоисттуу болуп, Таразаларды дүйнө маселелери кооптондурат - бирок Бөйөндөр интроверт, ал эми Таразалар экстраверттик мүнөздө болот. Бөйөндөр абдан жумшак, сезимталдуу жан болуп, сүйүүсү жана назиктиги өзүнө гана эмес, башкаларга да жетиштүү.



Таразалар өз эркиндигин абдан баалашат, Бөйөндөр болсо өзүмчүлдүк сезими менен айырмаланат, бирок, булар бири-бирин чындыгында сүйүшсө, алар бири-бирин түшүнүшөт, анткени Бөйөндөрдүн өзүмчүлдүгү бул болгону өз өнөктөшүнө болгон камкордугу, жана өз сүйүүсүн жоготуу коркунучу, ал эми таразаларга эркиндик, оң-солго баруу үчүн керек эмес.



Эгер никелешүүдө Бөйөндөр - эркек киши, Таразалар - аял киши болсо, бул өнөктөштөргө келишимге келүү оңой болот. Эгер абал тескерисинче болсо, мамилелер жоопкерчилиги толук бойдон Бөйөн-аялга жүктөлөт. Анткени чыдамдуулук жана ак ниеттик, эркин никенин сакталышына абдан маанилүү.



Бул никеде бир болууга эсеп жана олуттуу себептер болуп турганда - бул экөөнүн ортосунда сүйүү болот. Кийинчирээк мамиле оркоюуулары, бул экөөнүн аракети менен түздөлөт.



Идеалдык учурда, Бөйөн жана Таразалардын мамилеси өз ара гармонияга умтулуу менен курулат. Бөйөндөр Таразаларга тартылып, камкордукту жана жөлөк-таякты интуициясы менен сезет. Туура чечим кабыл алуу үчүн кырдаалды баамдап, баардыгын салмактап чыгуу зарыл. А Таразалардан мындай ишти ким жакшы жасай алмак эле? Болгону чечим кабыл алуу гана калды.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1171, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо