Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тараза жана балыктар

Баш барак | Гороскоп | Тараза жана балыктар

Эки карама-каршылыктардын айкалышы - көрсө, ушундай да болот экен. Бул башкалардан - өзгөчө достук, а жок, бул - өз ара бири-бирин жок кылуу, жана бул мамиле абдан сырдуу. Таразалар Балыктардан бийик деңгээлде болуп, кээде жан-дүйнөсүнө кыйынчылыктарды жаратып, мындай мамиле эки жакка бакыт алып келиши да мүмкүн. Балким, буларды эсеп аркылуу курулган нике бириктирет десек туура болоор, бирок бул жаңылык эмес. Бул түгөйлөрдүн умтулуулары жана каалоолору көп учурда бири-бирине карама-каршылыктарды жаратат. Булар өз дүйнөсү менен абдан кызыктар болуп, бири-бирин байкашпайт. Балыктар өзүлөрүн курмандыкка чалууга даяр, Таразалар болсо курмандыкты башкалардан күтөт, балыктар гана муну инстинкт менен жасап, Таразалар болсо атайын жасайт. Экөө тең бири-биринин умтулууларын колдойт, бирок Таразалар муну өз кызыкчылыгы үчүн гана жасайт. Материалдык жыргалдыктар булар үчүн бирдей маанилүү, бирок балыктарга сезимдер, баштан өткөрүүлөр маанилүү, анткени буларда чогуу кайгыруу мүмкүндүгү табиятында болот, мындай учурда бул Таразаларды эзет. Түшүнбөстүктөн, булар болгон жакшы нерселерин жок кылууга даяр болот.



Балыктар үй коломтосу менен байланыштуу болгон бүт жоопкерчиликти өзүлөрүнө алуусу зарыл. Балыктар баарына даяр болуп, Таразалар алып келүүчү азаптан коркуу менен, сүйүү үчүн күндө курмандыктарга барат. Таразалар үчүн балыктар - баш оору, балыктар таап чыгуучу күнүмдүк түйшүк, жана бул түйшүктү Таразалар абдан жаман көрүп - буга себептүү Таразалар көп оорушат. Кээде, Балыктардын жөн эле жанында болуусу Таразаларга терс таасирин тийгизет.



Бул мамилелер кансыраган же акыреттик кыйноону элестетет. Абдан сейрек учурда гана булар бири-биринин чебер сезимдерин көрүп, аны менен кумарлана алышат. Булар аябай окшош, ушунча романтик болушуп, ошол эле убакта бири-бирин кыйнабай койгон күн болбойт. Балыктартын сезимталдуулугу Таразаларды чоочуркантат, ал эми Балыктарды болсо Таразалардын аша чапкан мамилечилдиги чоочуркантат. Бири-бирин сүйүп калуу менен булар өз жүрөгүндөгү бөксөлүктү, өнөктөшүнөн алып толтурат. Анткени булар тынчтыкты сүйүшүп, агрессияга чыдабайт. Балыктар сыяктуу эле, Таразалар конфликтерге чыдабайт, жана бул конфликтер чечилбеген болсо, алар мамилелерине чекит коюууга даяр. Бир четинен, эгер түшүнбөстүктөр сырттан келсе, булар андан качып, баардыгын унутуп, бири-бирине толук бойдон өзүлөрүн тартуулашы мүмкүн.



Жакындуулук буларга абдан маанилүү, бул сезимдер аларды кемчиликтерден жана айтышуулардан алыс кармайт. Булардын интимдик мамилелери кыялданууларга жана сүйүүгө толуп турат. Бул түгөйгө күтүлбөгөн натыйжаларга алып келүүчү азгыруулардан кооптонуп, начар компаниялардан качуу зарыл. Качан булардын жүрөгү бирге соккондо, ошондо булар идеалдуу түгөй болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1268, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо