Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Танзания

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Танзания

Жеринин аянты - 143100 чарчы/чакырым. Калкы - 5705000 адам. 1964-жылга чейин Чыгыш Африкада Танганьика жана Занзибар деген эки мамлекет болгон. Ар кайсы мезгилде аларга араб эмирлери, түрктөр, португалиялыктар, голландиялыктар, кайзердик Германия, Англия кожоюндук кылышкан. Баарынан көбүрөөк бул жерде Англия үстөмдүк кылган. Бирок Англияга колония болгон бул өлкөлөрдүн элдери көз карандысыздык үчүн талыкпай күрөшүп, максатына жетишкен. Танганьика 1961-жылы, Занзибар 1963-жылы көз карандысыз мамлекет болуп калган. 1964-жылы апрелде алар биригип, Бириккен Танзания Республикасы пайда болгон. («Танзания» деген сөз бириккен эки мамлекеттин атынын башкы муундарынан түзүлгөн).

Борбору - Дарэс-Салам шаары. Танзания аймагынын көп бөлүгүн бир кылка дөңсөөлүү түздүк ээлейт, андагы жайкалган көк-шиберден топ-топ болуп өскөн дарактар сейрек кездешет. Бул саванна. Босоголуу дарыя аккан өрөөндөрдө нымдуу тропик токою өсөт. Анда маймылдар көп. Качандыр бир кезде бул дөңсөөлөрдө антилопалар, пилдер, жирафтар, буйволдор үйүр-үйүр болуп жайылып жүрүшкөн. Азыр бул айбанаттар негизинен коруктарда гана сакталып калды. Танзаниянын жаратылышы өтө кооз. Өлкөнүн түндүгүндө жанар тоолор жайгашкан. Көпчүлүгү аракеттеги жанар тоолор.

Алардын эң чоңу - Меру. Ушул эле жерде Кения менен чектеш аймакта Африкадагы эң бийик чокулуу Килиманджаро тоолору жайгашкан. Анын ак карлуу чокусу күнгө чагылышып, жүздөгөн чакырым алыстан көрүнүп турат. Африканын мөлтүр таза суулуу Виктория көлүндө куштар өтө көп. Суусу жылуу болгондуктан анда түрдүү өсүмдүктөр өсүп, ар кыл түстөгү жана укмуштуудай формадагы балыктар жашайт. Танзаниянын улуттук коруктары дүйнөгө белгилүү.

Бул жерде айбанаттар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн caктоо максатында аңчылыкка гана эмес, жер айдоого да тыюу салынган. Танзаниянын аралдуу бөлүгү шуру рифтери менен курчалган аралдар тобунан турат. Алардын ичиндеги эң ирилери - Занзибар жана Пемба. Мурда аларды чытырман тропик токою каптап турган. Азыр токойлор жокко эсе. Айрыкча кеңири таралгандары - чеге гүлдүү дарактар.

Анын жыпар жыттуу мөмөсүн башка өлкөлөргө сатышат. Өлкөнүн материктик бөлүгүндөгү эл негизинен айыл чарбасы менен кесип кылат: таруу, конок, жүгөрү, таттуу картошка, сизаль, кофе, пахта, тамеки өстүрүшөт. Өнөр жайы начар өнүккөн. Ишканалардын көпчүлүгү бирдиктүү мамлекет түзүлгөндөн кийин курулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 680, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо