Тамак бышырылып даярдалса, тамак сиңирүү системасында бат эрип жана тез сиңет. Мисалы, крахмал бышпаса, ал ооз көңдөйүндө жана карында өзүнүн майда бөлүкчөлөрүнө ажырабайт. Мына ошондой эле эт, күрүч, өсүмдүктөр бышырылса тез ажырашат, канга бат жана толук өтөт. Ошондой болсо дагы кээ бир тамак-ашты чала бышырып же бышырбай чийки жеш керек. Маселен, жашылчаларды. Жашылчалар биринчиден ашказандын жана ичегинин кыймылын күчөтөт. Экинчиден, чийки жашылчаларда, жер - жемиштерде витаминдер көп. Аларга ысык температура менен таасир эткенде бузулуп калат. Кыргыз эли тамакка ыйык мамиле жасайт.
Тамакты ыргытканды, төккөндү күнөө көрүшөт. Бирок, бузулган тамакты ичсе адам ооруп калышы ыктымал. Адатта бузулган тамакты ар бир адам тааныйт. Мындай тамак өңүн өзгөртөт, жаман жыттанат же ачкыл даамданат. Тамактын бузулушунун себеби, тамакта жашаган микробдордун саны көбөйүп кетет же жаңы микробдор пайда болот. Микробдордун көбөйүшүнө жана пайда болушуна тамак-ашты узак убакыт сактоо себепкер болот. Дагы бир себеби, тамактын сактоо эрежелерин бузуу. Жакшы бышырбаган, тазаланбаган, эскирип калган тамак - ашты жегенде адам ооруга чалдыгат.
Адам көбүнчө көпкө туура эмес сакталган этти, колбаса, консерваны, козу карынды жегенде ууланат. Уулануунун негизги себеби, тамакты сактоонун гигиеналык эрежеси бузулганы. Уулангандын белгиси ичтин ооруганы, кусуу, ич өтүү, баш айлануу, эсин жоготуу ж. б. Бул белгилер оорунун оор же жеңилине жараша болот. Адам уукканда ашказанды жууп, андан тамакты тезинен чыгарып тазалоо керек. Ал үчүн ууккан адамга бир нече литр суу берүү, же зонд аркылуу ашказанга суу куюу өтө зарыл. Бул учурда бузулган тамакта пайда болгон уу канга көп өтпөйт.