Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тамак-аштагы микробдорду көрүү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Тамак-аштагы микробдорду көрүү

Тамак-ашта ууктуруучу микробдор, мите курттардын жумурткалары болуп калышы мүмкүн болгон соң, огороддон үзүп же сатып келген жашылча-жемиштерди үйдө жууйт. Анын себеби үзүп алган жашылчаларда, топуракта жашаган ботулизмдин микробдору болушу ыктымал, базардан алынып келген жер-жемиштерди оорулуу киши кармап көрүшү мүмкүн. Балдарга жашылча жемиштерди берердин алдында аларды дагы бир жолу кылдаттык менен жууп, үстүнө кайнак сууну куйса микробдордун, мите курттардын жумуртка - ларынын көбү өлөт. Этти, сүттү атайын ветеринардык кароолу болгон жерден сатып алышы тийиш. Балдарга бул азыктарды жакшы бышырып берет. Жумурткадан салмонелла бактерияларын жуктуруп албаш үчүн балдарга чийки бойдон бербейт. Эгерде жумурткада жарака болсо, анда аны узак убакыт жогорку температурада даярдалуучу тамакка гана кошот.

Бүтүн жумурткаларды куургандан, бышыргандан мурун сыртын жакшы жуушу зарыл. Сабактын жабдылышы: жумуртка, эки Петри чашкасы, желатин же уйдун шыйрагынан бышырылган килкилдеп катып калган шорпо, эки пипетка, айнектин үстүнөн жазуучу карандаш же чаптачу тасма (лейкопластырь, скотч) Сабактын жүрүшү:1.Петри чашкасы чоңураак жана кичирээк эки айнек табакчалардан турат. Аларды самындап жууп, кургатып, кичинерээк табакчалардын сыртына карандаш менен 1 жана 2 белгилейт. Эгерде карандаш болбосо 1,2 деп кагазга жазып табакчаларга скотч же лейкопластырь менен чаптап койсо болот.2.Ысык сууга желатиндин (ал дүкөндө сатылат) коюу эритмесин даярдайт.

Эгерде желатин болбосо, анда мурун 2-3 саат кайнатылган шыйрактын сорпосун колдонсо болот. Бул эки нерсе ысык кезинде суюк, ал эми муздаганда килкилдеп катып калгандыктан, таза Петри чашкасынын кичинерээк табакчаларына ысык кезинде жарымына чейин куюлат.3.Эки идишке суу куюп, биринчисине жумуртканын сыртын жакшы жууйт, экинчисинде чайкайт.4.Жумуртка жуулган суудан өзүнчө пипетка менен 1-2 тамчы алып, 1 деп белгиленген Петри чашкадагы катып калган желатиндин үстүнө тамызат. 2-табакчага ошол эле көлөмдө башка пипетка менен жумуртка чайкалган сууну тамызат. Эки чоң табакчалар менен кичинекей табакчалар жабылат, себеби ачык турганда абадан, башка нерседен микробдор түшүп калышы мүмкүн.5.Жабылган Петри чашкаларды жылуу жерге 2-3 күнгө коёт. Муну менен микробдордун көбөйүшүнө керек болгон шарттар: желатиндин же сорпонун азык заттары, нымдуулук, жылуулук, аба жана убакыт түзүлгөн соң, суулардагы микробдор тез көбөйө башташат.6.2-3 күндөн кийин Петри чашкаларындагы желатиндин үстүнө тактар пайда болот Бул миллиондогон микробдордун жыйындысы.7.Эки чашкадагы тактардын аянты бирдей эмес. Биринчи чашкадагы тактын аянты экинчиге салыштырмалуучоң болот. Эмне үчүн ушундай болгонун окуучулар түшүндүрүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 603, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо