Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тайлак баатыр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Тайлак баатыр

Каарман кыргыз элинин даңктуу уулу, «чегингенди билген, жеңилгенди билбеген» Теңиртоо арстаны, улуттук улуу баатыр Эр Тайлак болжол менен 1796-жылы Нарын дарыясынын боюндагы Каргалык деген жерде (Акталаа жана Тогузторо райондорунун чеги) жарык дүйнөгө келген. 1838-жылы Куртка деген жерде өлгөн. Тайлак баатыр дүйнөлүк тарыхтын эң кыйын кезенинде жашап өттү. Атантай, Тайлактын чоң атасы Жанболот баатыр, анын атасы Тоймат Баатыр, жалаң тышкы душмандардын баскынчылык кол салууларына каршы согушка өз өмүрлөрүн сайып коюп, эл жерин коргоп өтүшкөн. Ошонусу менен Теңиртоолук бабаларыбыз кыргыз жеринин чегинин бүтүндүгүн сактоодо олуттуу роль ойноп келишкен. Тайлак баатыр да ата бабаларынын ыйык иштерин уланткан, сырткы душмандардын кол салууларынын мизин майтарууга бүт аскер кошууну менен дайым даяр турган. Тайлак бараңдан ок чыгарып, душмандын туусун тешсе, анын кырк жигити жаа менен асманга ыргытылган кийизди жерге түшүрбөй бир нече мүнөткө кармап турушчу - деп айтылат эл арасында.

Циндик кытай армиясы «Кичи Бухараны» (Кашкарды) басып алып, анын башчысы Аппак кожонун эки уулун (Айкожо, Күнкожо) аябай кыйнап өлтүрөт. Күнкожонун Сарымсак деген уулунун үч баласы Кабулда (Ооганстанда) өсүп, билим алышкандыктан алар аман калышкан. Сарымсактын улуу Жангир кожо Бадахшан акиминин кызына үйлөнөт да, Теңир тоолук кыргыз төбөлдөрү менен байланышып, аларды кытай каапырларынан Кашкарды бошотуу үчүн жортуулга биргелешип чыгууга чакырат. Жангирдин максаты Чыгыш Түркстанда ислам мамлекетин түзүп, ата баба мурасын калыбына келтирүү болгон. Кожонун максатын колдогон Тайлак баатырдын да өзүнчө ой максаты бар болучу. Жангирдин Бадахшандан алган 2000 аскерине таянып, агрессивдүү, оторчул коңшунун талоончулугунан кутулуу болгон. Себеби, Кытай тарабынан «чек араны текшерүү» деп аталган аскердик рейддер бат-бат кайталанып, чек арага чукул жашагандарды талоого алып тынчын кетирип турушкан. Кыргыз кытай чек араларында майда жаң-жалдар болуп турган.

Булар элдин кыжырын келтирген. Тайлак баатыр ошон үчүн Жангир кожо менен Кашкарды каратып алууга катышат. Чыгыш Түркстандын мусулман калкы да Жангирди колдоп көтөрүлөт. Жангирдин мындай ийгиликтери Пекиндегилерди аябай чочутат да аны кармап жок кылууга Синьцзян төбөлдөрүнө атайын буйрук жиберилет. А чынында да Кытай богдыханы үчүн бул жагдай кыргыз жеринин эсебинен өз чегин кеңейтүүгө жортуулга чыгуунун өтө ыңгайлуу шылтоо болгон. Ошон үчүн «Жангирди кармоо» деген жортуулду ойлоп чыгарышып, кыргыз чегин бузуп, капыстан кол салат. Бир даректе кытайлар 700 аскер менен, башка бир даректе эки миңден ашуун кол менен деп жүрөт.

Жортуулдун биринчи этабы Жангир кожо менен Тайлакты колго түшүрүү, аларды байлап матап дароо Бежинге жеткирип, эл алдында кыйнап жазалоо болгон. Экинчи этабы каршылык көрсөтүүчү күчтөрдү жок кылган соң, ири аскер бөлүктөрүн тоомдуу жерлерге таратып киргизүү болгон. Ошентип, Тайлак баатырга каршы аттанган генерал Баян Бату баштаган кытай аскерлери кыргыз чегин бузуп, Теңир Тоонун аймагына терең кирип барды. Түз эле Тайлактын айылын чаап, бала бакыра, кемпир чалына чейин кырып, дүйнө мүлкүн жыйып, андан ары мыкаачылыгын улантмакчы болуп жатканда Тайлактын кошууну душманга карай келатканын угат. Абалдын кооптуулугун байкап, бирок укурук, союлунан башка согуш куралдары жок, согушуу ыктарын билбеген жапан кыргыздарга мыкты куралданган аскери менен катуу сокку урмакчы болот. Бирок талап тоноп жыйган «олжолуу» аскери тоо-таш арасында өзүнүн жоокердик жөндөмдүүлүгүн жоготуп, согушууга таптакыр чабалдык кылып, чегинүүгө өтөт. Тайлактын кошуундары кытайларды капчыгайга шыкап, замбирек мылтыктарды пайдалануу мүмкүндүгүн азайтып, баары жабыла качырып душмандын аскерин бүт жок кылат.

Бул жеңиш Тайлакка зор атак алып келет, ошону менен бирге кыргыз жерин тартып алууга көз арткан кытай төбөлдөрүн сестендирет, кыргыз жеринин бүтүндүгү сакталып калат. Бул чынында саясий да жеңиш болучу. Кокондун тез аткыч мылтыктар, көчмөн кыргыздардын жүрөгүнүн үшүн алуучу коркунучтуу курал делген жеңил замбиректер менен куралданган эки миңден ашуун аскерин баштаган жеңилбес Араб баатыр да Теңир Тоону бет алып Тайлак баатырга каршы жортуулга чыккан. Тайлактын аскери бир кыйла аз болгон. Тогуз торонун Макмал Бычан чөлкөмүндө өткөн согушта Тайлак баатыр Арабды найза менен сайып түшүрүп, Кокон армиясын тып-тыйпыл талкалаган. Баатырдын көзү өткөнчө кокондуктар жолобой калган. Кокон ханынын тукуруусу боюнча казактардын Эдиге баатыры көп сандаган кол курап келип, кыргыздарды чапмак болот. Адегенде таластык кыргыздарды басып алып, Суусамырга келгенде Тайлак баатыр тосуп чыгып, жекеге чакырат.

Эдиге баатыр сайыштан өлүп, жер жайнаган колу быт чыты чыгып талкаланып, калгандары бет алды качып жоголот. Болжолу 1837-жылы жамы кыргыз төбөлдөрүнүн жыйыны болот. Ага Анжиян, Аркадан, ары Ичкиликтерден чогулушуп, Тайлактын баатырдыгына баа берип, кыргыздын «Эки тизгин, бир чыбырын», башкача айтканда жалпы кыргыз элин тескөөнү Тайлакка ыйгарышат. 1838-жылдын март-апрель чамасында Тайлак баатыр ооруп калып, айыл арасында табыпчылык кылып жүргөн Көр Акимге көргөзсө, ал кан алат. Кан такыр токтобой, Эр Тайлак ууланып көз жумат.

Кан алган табып, Кокондун атайын жиберген шпиону болуп чыгат. Уучуу болуп жатканда Көр Аким качып жоголот. Тайлак баатыр бар болгону 42 жыл жашады. Бирок кыргыз элинин алдында опол тоодой эмгек сиңирди, анын ысмы кыргыз жашап турганда түбөлүккө даңазалана берет.

Сайтка жарнама жайгаштыруу