Күздүн караңгы түндөрүндө саздуу жерде жашоочулар кээде бүлбүлдөгөн отторду көрүшкөн. Аларды табышмактуу көчмө оттор деп аташкан. Мурда ырымчыл адамдар аны арбактын көрүнүшү деп коркушкан. Айрыкча ээн талаадагы көрүстөндөрдүн үстүндө пайда болгон мындай жылып жүрүүчү оттор коркунучтуу сезилген. Чынында эле эски мүрзөлөрдүн арасында жылтылдаган оттор өлүктөрдүн секирип жүргөн жаны сыяктуу элестелип, коркунуч туудурган. Бул кайдан чыккан оттор? Саздын түбүндө ным жерде жаныбарлардын өлүгү менен чириндиге айланган өсүмдүк калдыктарынан түрдүү газдар, анын ичинде саз газы да пайда болот.
Ал газ саздын үстүнө сызылып чыгып, аба менен аралашканда өзүнөн өзү күйө баштайт. Мындай оттор женил келип, алар үлп эткен жел менен кошо жылып турат. Аларды кууп жетүү мүмкүн эмес. Чуркап бараткан адамдын алдындагы аба, ал жылган сайын алга сүрүлүп турат, аба менен газ да илгери түртүлөт. Натыйжада от качып бараткандай сезилет.
Кээде жок болуп да кетет. Демек, газдын күйүп бүткөнү.