Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу лилиясы

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Суу лилиясы

Айрым көлдөрдө, көлмөлөрдө бири бирине куюп койгондой окшош эки өсүмдүк - кумура сымалдар: ак кумура (суу лилиясы) жана сары чөмүч баш өсөт. Алардын жалбырактары да, чоң жана оор тамыр-сабагы да окшош болгондуктан, окумуштуулар экөөнү тең нимфа деп атап коюшкан. Бирок ак кумураны ак нимфа деп, ал эми сары чөмүч баш сары нимфа деп аталат. Гүлдөгөндөн кийин анын кочкул жашыл мөмөсү - кумура баштары калат. Анда уругу сакталат. Жаздын аягында сууда кумура сымалдардын табакка окшош жалбырактары пайда болот. Жалбырактарынан кийин жашыл богоктору пайда болот. Дагы бир эки күндөн кийин ак кумура гүлдөй баштайт.

Бул гүл эл ичинде суу лилиясы деп аталат. Ал акырындык менен ачылат. Гүл чөйчөкчөсүн каптаган сырткы жалбыракчалары ачылгандан кийин, жомоктогудай болуп, ак гүл желекчелери акырындык менен ачыла баштайт: бири, экинчиси, үчүнчүсү... Каралжын сууда гүл абдан кооз көрүнөт, уламышта айтылгандай, илгери илгери, качандыр бир мезгилде бул гүл сулуу, акылдуу кыз - нимфа болгон деп элестетүүгө да болот. Күз келери менен гүлдүн жалбырактары суу түбүнө чөгөт. Ак лилия (кумура) менен сары чөмүч баштан кумура сымал күрөң мөмөлөрү калат. Алар шамал, суу толкуну менен чачылып кетет. Кумура сымал мөмөлөр сууда ачылып, уруктары суу бетинде жайнап калат.

Алар канаттуулар аркылуу башка жерлерге таралат. Убакыт өтөт, башка жердеги балдар да дарыя, көл, көлмөлөрдөн жай башталары менен ак кумура менен сары чөмүч баштын жомоктогудай болуп кооз гүл ачканын көрүшөт.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 641, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу