Суу боюнда (ыр), сөзү жана обону М. Түкөновдуку
Суу боюнда ойногон,
Сүлөөсүн сындуу керме каш.
Суу десем мага береби,
Суусунум канса удаалаш.
Суу боюнда ойногон,
Сүлөөсүн сындуу керме каш.
Сагындым десем келеби,
Саргайтып мени санаалаш.
Суусатпай суусун берсечи,
Сагынтпай өзү келсечи.
Санаалаш кошуп санаасын,
Сапарлаш болуп жүрсөчү.