Суранам (ыр), сөзү А. Урбаев, обону Э. Талипов

Суранам (ыр), сөзү А. Урбаев, обону Э. Талипов

Бир көрүп ашык болдум ичим тыз-тыз,
Жүрөктү, сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз олтурунуз.

Кайырма
Жүрөгүм тыз-тыз
Сезимди ойготтунуз.

Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктениз жылуу экен көздөрүңуз.
Арбалып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын көңүлдөгү ойлор үнсүз.

Кайырма
Жайдары көздөрүңүз
Жагымдуу сөздөрүңүз.

Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз олтурунуз.

Кайырма
Жүрөгүм тыз-тыз
Сезимди ойготтуңуз.

Суранам тосолучу күндү бирге
Суранам тосолучу түндү бирге.
Суранам күлүп жайнап баягыдай
Суранам жыттайлычы гүлдү бирге.

Кайырма
Тосолу күндү бирге
Тосолу түндү бирге.

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо