TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Суранам (ыр), сөзү А. Урбаев, обону Э. Талипов макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Суранам (ыр), сөзү А. Урбаев, обону Э. Талипов Бир көрүп ашык болдум ичим тыз-тыз, Жүрөктү, сезимдерди ойготтуңуз. Суранам өчүрбөстөн ошол отту, Жанымда дагы бир аз олтурунуз. Кайырма Жүрөгүм тыз-тыз Сезимди ойготтунуз. Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз, Тиктениз жылуу экен көздөрүңуз. Арбалып жүзүңүзгө тигилейин, Айтылсын көңүлдөгү ойлор үнсүз. Кайырма Жайдары көздөрүңүз Жагымдуу сөздөрүңүз. Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз, Жактыңыз махабаттын отун укмуш. Жылынып ошол оттун илебине, Жанымда дагы бир аз олтурунуз. Кайырма Жүрөгүм тыз-тыз Сезимди ойготтуңуз. Суранам тосолучу күндү бирге Суранам тосолучу түндү бирге. Суранам күлүп жайнап баягыдай Суранам жыттайлычы гүлдү бирге. Кайырма Тосолу күндү бирге Тосолу түндү бирге.