Студенттик мезгил бул өзгөчө социалдык категория. Жогорку окуу жайы аркылуу уюштурулган адамдардын спецификалык кошмогу. Социалдык-психологиялык аспектиде студенттик башка группалар менен салыштырганда билимдин жогорку деңгээли менен, маданий активдүүлүгү менен, таануу мотивинин жогорку деңгээли менен өзгөчөлөнөт. Студенттин бул өзгөчөлүктөрүн эске алуу окутуучу үчүн кызыктуу инсан болуу менен педагогикалык баарлашуунун өнөктөшү катары, окутуучунун ар бир студент менен болгон мамилелешүүсүнүн негизин түзөт.
Студент өзүнүн ишаракетин өз алдынча активдүү уюштуруучусу катары педагогикалык өз ара байланыштын субъектиси болуп эсептелинет. Ага конкреттүү кесиптик маселелерди чечүүдө таанып-билүү жана коммуникативдик активдүүлүккө багытталуу таандык. Студенттик мезгил бул инсандык сапатка ээ болуунун, түрдүү кызыгуулардын жаралуусунун борбордук мезгили. Бул мезгил спорттук рекорддорду, сүрөттүк, техникалык жана илимий жетишкендиктерди тактоочу болуп эсептелинет.
Биринчиден, мотивдер менен аныкталып, студент окуу ишаракетинин субъектиси боло алат. Мында эки типтеги мотивдер менен мүнөздөөгө болот, башкача айтканда жетишүү жана таанып-билүү мотивдери. Ойлоо иш-аракетинин жаратылышына туура келүүчү, таанып-билүү мотивациясы окуу иш-аракетинин негизин түзөт.
Ал проблемалуу мезгилдерде пайда болот да, студент менен оутуучунун туура келген өз ара байланышта, мамилешүү учурунда өнүгөт. Студенттин окуу иш-аракетинин субъектиси катары көрсөткүчү болуп, окуунун бардык түрлөрүн жана формаларын аткаруу болуп эсептелинет. Бирок изилдөонүн негизинде көпчүлүк студенттер лекцияны угуп жана жаза албагандыгы, адабиятты конспектилей ала албагандыгы аныкталган.
Ошондуктан окутуучунун алдына студентти окуу иш-аракетинин субъектиси катары калыптандыруу, ага пландоону, өзүнүн иш-аракетин уюштурууну үйрөтүү жоопкерчилиги коюлат. Бул багытта ийгиликтүү окуу үчүн окуу кыймыл-аракетин, керектүү окуу материалдары аркылуу ишке ашырууга программаларды, аларды калыптандырууда көнүгүүлөрдү так уюштуруу аныктоо талап кылынат. Студенттин дүйнөгө болгон өз карашын калыптандыруу, анын рефлексиясын өнүктүрүү, өзүн иш-аракеттин субъектиси катары аң-сезимдүү кароо, өзүн коомдун баалуулуктарын алып жүрүүчү катары жана социалдык инсан катары таануу болуп эсептелет.