Шаар көчөлөрүнөн канча автомобилдер өтөт! Алардын ар биринин миңдеген тетиктери: вал, тиштүү дөңгөлөк, автомашиналардын дөңгөлөгүнүн дөмпөк калкалагычтары, жалтырак, алкактуу формалары бар. Алар металлургиялык заводдордо куюлган жумуру металлдарга окшойбу? Кандай гана материал болбосун, мейли, ал металл, жыгач, айнек, пластмасса, пахта болсун, кандайдыр бир буюм жасоо үчүн ал материалдарды иштетүү керек. Материалдар атайын машиналар - станоктордо иштетилет. Заводго барып көрөлү. Кенен цехте металл кесүүчү станоктор катар орнотулган. Алар металл кесишет.
Металл бычак менен эмес, кесүүчү атайын катуу аспаптар менен кесилет. Мына сүргүч станок турат деп элестеткилечи. Анда жумуру жалпак тетиктер иштетилет. Тетиктин одуракай бети сүргүч менен кырылат. Көзөөч станокто металл тешилет.
Эгерде оюп же татаал формада тешик жасоо керек болсо, тетик фрезердик станокко алып келинет. Анда металл көп миздүү кескич өзгөчө аспап - фреза менен кесилет. Кээ бир фрезалар учтуу көзөөчкө окшосо, башкалары курч тиштүү дөңгөлөк сыяктуу. Жасалуучу нерсеге карата ар түрдүү фрезалар пайдаланылат. Атайын фрезалар менен тиштүү дөңгөлөктүн тиштери чыгарылат. Мындай станоктор тиш чыгаргыч станоктор деп аталат.
Кесип иштетилгенден кийин металл одур-бодур болуп калат. Эми станок тетик жылмалоочу станокко берилет. Силер чарык менен бычак кандай курчутуларын көрсөңөр керек. Жылмалоочу станокто тетик чимирилип жалтырата жылмаланат. Эми пресстөөчү (ныктоочу) цехке киребиз. Бул жерде таптакыр башкача станоктор бар. Иштетилүүчү болот тактайчаны пресс механизмине маштык менен коюп, пресстин катуу соккусу менен тогоо кесип алынат. Ошол эле пресске башка калып салуу тегерек, жылдыз, квадрат деги кандай форма керек болсо, ошондой кесип алууга болот. Ал эми башка пресстөөчү механизминдеги штамп аспабы металлды кысуу менен ар түрдүү формага келтирет.
Тетикке окшогон даяр кесинди металл ушинтип жасалат. Металлургиялык заводдордо металл станоктордо эмес, чоң-чоң металл буюмдарын жасоочу, узундугу бир нече чакырым келген машина-станнокторунда иштетилет. Алардын механизмин жүздөн ашуун электр кыймылдаткычтары кыймылга келтирет. Силер үбөлүк менен камыр кандайча жайыларын көрдүңөр беле? Такталама прокат станы айлануучу валдардын ортосунда ысыган жоон металлды үбөлүк басуу менен жука болотко айландырат. Болот такталар валдар аркылуу поезддин ылдамдыгындай - саатына 125 чакырым ылдамдык менен өтөт.
Мындан башка түтүк прокаттагыч, рельс прокаттагыч станоктор бар. Алар менен темир жол рельстери жана ар түрдүү түтүктөр жасалат. Металлга ийненин көзүнөн да кичине тешикче жасоочу станоктор да бар. Мындай тешикче электр учкучунун жардамы менен көзөлөт. Кыскасы, биздеги металл иштетүүчү станоктордун баарын санап чыгуу мүмкүн да эмес. Ал эми жыгачтын жайы башка. Силер тактайды таптоо же кысуу аркылуу бирдеме жасоого болбосун билесиңер. Бирок жыгач оңой арааланат, сүрүлөт, жонулат, кырылат жана көзөлөт.
Бул үчүн атайын жыгач иштетүүчү станоктор: токардык, сүргүч, көзөөч, жыгач тилгич жана башка станоктор бар. Алардын жардамы менен жоон жыгач устундарды, тактайларды жонуп араалап, стол, отургуч, парта жасоого болот. Пахта өзүнөн өзү кездемеге айланбайт. Бул үчүн да станок керек. Адегенде пахта ийрүүчү станокто ийрилет. Ийрилген жиптин токуу станогунда кездеме токулат. Мурун ар бир станокто жумушчу тетикти орноштуруп кайра алып, кийинки станокто берип турган... Убакыт өтө көп сарпталган. Азыр болсо ар түрдүү станоктор катар коюлуп, аларды тетиктерди бири-бирине өткөрүп берүүчү механизмдер менен туташтырылган. Натыйжада станоктор үзгүлтүксүз иштейт.
Эми даярдалуучу металл өзү эле бардык станоктордон автоматтык түрдө өтүп, тетик даяр болуп чыгат. Бирок бул аздык кылат. Айталы, бир эле станокто көптөгөн окшош тетиктер жасалат. Ар бир жолу мурдагы жумуш ошол эле тартипте кайталанат. Демек, бул жумушту аткаруу үчүн станокко тапшырма түзүп, программалык түзүлүшкө станокту башкартууга болот. Жумушчу тетикти станокко орнотуп, программалык түзүлүштү жүргүзүп гана коёт. Станок өзү эле бардык ишти тез жана тыкан аткарат, бирок бул компьютерлештирилген робот станокторунун катарына кирип калат.
Эң негизгиси: бардык тетиктер бири бирине коёндой окшош жасалат - программалык түзүлүш жаңылбайт. Компьютер башкаруучу станоктор да бар, алар автономдук робот станоктор деп аталат. Келечекте станоктор гана эмес, завод, цехтер да алдын ала түзүлгөн программа боюнча иштемекчи. Татаал түзүлүштөр (аларга компьютер, маалымат жыйноочу түзүлүш, байланыш линиялары кирет) прокат станнокторунун, бүтүндөй завод, электр станциялары жана башка ишканалардын иштөөсүн башкарат.