1917-1991-жылдар аралыгында азыркы КМШ жана Прибалтика өлкөлөрү СССР деп аталган бирдиктүү мамлекеттин курамында болушкан. 1917-жылдын октябрында дүйнөлүк тарыхый мааниси зор окуя - Улуу Октябрь Социалисттик революциясы жеңип чыккан. Россиянын жумушчулары жана дыйкандары большевиктердин жетекчилиги менен мамлекеттик бийликти өз колдоруна алышкан. Натыйжада, Владимир Ильич Ленин башында турган Совет өкмөтү түзүлдү. 1922-жылы 30-декабрда СССР Советтеринин 1-съездинде Россия Федерациясы, Украин ССРи, Белорус ССРи жана Закавказье Федерациясы (Грузия, Армения, Азербайжан) биригип, Советтик Социалисттик Республикалар союзу деп аталган мамлекетти түзүшкөн. Кийин тең укуктуу союздук республикалардын саны көбөйүп, 15ке жетти. Алар - Россия Федерациясы, Украина, Белорус, Өзбек, Казак, Грузин, Азербайжан, Литва, Молдаван, Латыш, Кыргыз, Тажик, Армян, Түркмөн, Эстон Советтик Социалисттик Республикалары болгон. СССРдин курамындагы бардык республикаларда, алардын ичинде Кыргызстанда да зор өзгөрүүлөр болуп өткөн. Совет бийлигинин жылдарында ири өнөр жай ишканалары курулду, темир, автомобиль жолдору салынды. Ар бир республикада жогорку окуу жайлар, илимий изилдөө мекемелери ачылып, ГЭСтер, АЭСтер курулуп, космосту изилдөө иштерине негиз салынды.
20-кылымдын 80-жылдарында башталган демократиялык процесстердин таасири менен СССРде жаңы кырдаал түзүлүп, кайра курууга жалпы эл массасы, коомдук уюмдар жигердүү катыша баштаган. 1985-жылы бийликке келген Совет мамлекетинин жетекчиси М. С. Горбачев өлкөдө кайра куруу саясатын жарыялаган. СССРдин саясий системасын реформалоонун натыйжасында өлкөдө ар түрдүү демократиялык уюмдар түзүлө баштаган, бирок улут аралык мамилелер татаалданып, курчуй берген. Республикалардын эгемендүүлүк үчүн күрөшү күч алган. Натыйжада, 1991-жылы декабрда Белорус Республикасы, Россия, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) түзүү келишимине кол коюшуп, СССР жоюлган.