1901-жылы англиялык уюл изилдөөчү Роберт Скотт экспедиция менен Антарктидага кетет. Бул муз материк таптакыр изилдене элек болуучу. Экспедиция Түштүк Уюлга жете алган эмес, зор муз тоскоолдук аны кайра тартууга мажбур кылган. Ошондой болсо да 1911-жылы Скотт кайрадан экспедиция түзгөн. Скоттун экспедициясы Антарктидага жетип калганда норвегиялык уюл изилдөөчү Руаль Амундсен да Түштүк уюлга жөнөгөндүгү белгилүү болот. Скотт максатка биринчи болуп жетүүгө үмүттөнгөн. Ал уюлга чейинки жолдо метеорологиялык байкоолор жүргүзүп, табиятты изилдеген, геологиялык коллекция жыйнаган. Экспедициянын уюлга чейинки жолу оор болду. Кыймылдаткычтуу чаналар тез эле иштен чыкты.
Манжуриялык чыдамкай аттардын алы кетип, өлүмгө учурады. Беш эр жүрөк адам чаналарды андан ары өздөрү сүйрөп жөнөшөт. Мына, көздөгөн максатка жетчү күн да жакын калды. Дагы бир ашуудан кийин алар уюлга жетишмек. Бирок... кардын үстүндө карайган эмне? Норвегиянын желеги! Амундсен алардан бир ай мурун жетиптир. Маанайы түшүп, шалдайган саякатчылар бири биринен ызасын жашырып, норвегиялык желектин жанына өздөрүнүн англиялык желегин сайышты.
Кайра кайтуу өтө кайгылуу болду. Катуу суук, шамал, бурганак, ал-күчтөн тайдырды. Экспедициянын катышуучулары биринин артынан бири өлүмгө учурап жатты. Отун менен азык-түлүк түгөндү. Бирок акырына чейин бул эр жүрөк адамдар кайраттуу турушту. Скотт акыркы минуталарда минтип жазган: Биз өмүрүбүздү тобокелге салдык. Жагдай-шарт бизге каршы болду, ошондуктан бизде эч кандай ылаажы калбады... Скотт жана анын жолдошторунун урматына Анткарктидадагы Хижина тумшугунун чокуларынын биринде крест орнотулган.
Анда англис акыны Теннисондун ырларынын бир сабы жазылган: Күрөш жана изден, тап жана багынба!.