Шуру полиптери - деңизде жашоочу кичинекей организмдер. Алардын килкилдеген денесин көрүп туруп, деңиздерде ушу шурулардан арал пайда болуп, кемелердин кыйрашына себеп болоруна ишенүү да кыйын. Албетте, тырмактай жалгыз шуру эч кандай кырсык алып келе албайт. Деңизде полиптердин бүтүндөй колониялары жашайт. Убакыттын өтүүсү менен полиптер кырылып, анын аки-таштуу скелетчелери калат. Алар өзүнөн мурдагы скелеттерге жабышып калат. Буларга дагы улам жаңылары кошулуп, көбөйө берет.
Бара-бара акиташ скелеттер катмар-катмар болуп катып, бутактана үйүлүп чыгат. Ошентип шуру рифтери пайда болот. Кээде алардын узундугу Австралиянын чыгыш жээгиндеги Чоң тоскоол рифи сыяктуу бир нече чакырымдарга чейин созулат. Күн өткөн сайын рифтерди деңиз суусу алып келген ылай басат, толкундар ага деңиз балырларынын калдыктарын агызып келип үйсө, шамал топурак чаң-тозоңун жана өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн учуруп келет. Деңиз менен шамалдын бул иши миңдеген жылдар бою созулат. Океанда көптөгөн шуру аралдары бар. Бир кездерде шуру катмарлары үйүлгөн жерлерде топурак кыртышы пайда болот. Анын бетине көк чөп чыгып, бийик пальмалар шамалга термелет, калың өскөн өсүмдүктөрдүн арасында тропик куштары сайрайт, буркан-шаркан түшүп көбүктөнгөн толкун жээкке урунат. Шуру полиптеринин арасынан жалгыз жашагандары да кездешет.
Таман деп аталуучу өсүмдүктүн жардамы менен алар суу астындагы өсүмдүктөргө же таштарга жабышып алат. Кээ бир полиптер анча чоң эмес топ-топ болуп жашашат. Байыркы мезгилдерден бери шуру уулоого мына ушулар себеп болгон. Анткени алардын акиташтуу өзөгү ак, кызыл жана кызгылтым түстө болот. Алардан кооздук буюмдары жасалат.
Өзгөчө кызыл шурулардан жасалган мончок, сойко, билериктер кулпуруп, адамдын коз жоосун алат.