Жеринин аянты - 65610 чарчы чакырым. Калкы - 19409000 адам. Шри-Ланка - аты уйкаш аралга жайгашкан Азиядагы мамлекет. Аны Индиядан анча чоң эмес кысык бөлүп турат. Аралдын тегерегинде Шуру рифтери бар, бул жерде балык жана моллюска берметтери көп. 1972-жылы аралга мурунку Шри-Ланка деген аты кайрадан берилген. Ага чейинки Цейлон деген аты аралда төрт кылым бою кожоюндук кылган европалык колонизаторлор тарабынан коюлган эле. 1948-жылы гана өлкө көз карандысыздыкка жетишкен. Аралдын көп бөлүгүн ойдуңдуу түздүк ээлейт.
Түштүк жакта гана анча бийик эмес тоо массиви көтөрүлүп турат. Экваторго жанаша жайгашкандыктан бул жерде жыл бою ысык болуп турат. Июнь, июль жана август айларында океан тараптан соккон түштүк-батыш шамал (муссон) көп жаан-чачын алып келет. Башка айларда жаан-чачын азыраак болот. Эгерде жерди сугарса, жылына эки, ал тургай үч жолу да түшүм алууга болот. Аралда, өзгөчө анын түштүк-батыш бөлүгүндө калк жыш жайгашкан.
Бул жерде пальма токойлорунун арасында жайгашкан шаарлар жана кыштактар ондогон чакырымга созулат. Түндүк менен чыгышы - такыр башка дүйнө. Кенен түздүктүү аймакты саванналар ээлеп, калың тропик, бадал токойлору каптап жатат. Токойлордо көптөгөн маймыл кабылан, лемур, кызыл-тазыл кооз канаттуулар, чоң-чоң көпөлөктөр, ар түрдүү сойлоочу жаныбарлар жашайт. Жапайы пилдер да сакталып калган. Дарыяларда крокодилдер көп. Өлкөнүн калкынын көпчүлүгү кыштактарда жашашат.
Алардын тростник жана бамбуктан курулган кепелери пальманын жалбырактары жана күрүчтүн саманы менен жабылган. Ойдуңдарда негизинен шалы жана кокос пальмаларын өстүрүшөт. Ошентсе да өлкөдө керектелүүчү күрүчтүн теңин башка өлкөлөрдөн сатып алышат, себеби жеринин көпчүлүгүн колониялык мезгилден бери чай плантациялары, каучук дарактары, кокос пальмалар ээлейт. Шри-Ланка чай өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Даңктуу цейлон чайы, каучук жана копра (кокос жаңгагынын кургатылган данеги) башка өлкөлөргө океан аркылуу ташылат. Шри-Ланка айыл чарбалуу өлкө болуп саналат.