Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Шопоков Дүйшөнкул (1913-1941)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Шопоков Дүйшөнкул (1913-1941)

Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылы. Шаарларды кыйратып, кыштактарды орттоп, тебелеп-тепсеп фашисттик баскынчылар Москвага уламдан-улам жакындап келе жаткан. Советтик жоокерлер жан аябай эли, москвалыктар борбор шаарды коргоп калуу үчүн түп көтөрүлө душманга каршы турушту. Фашисттер дүйнөгө жар салып: «Совет элин жер менен жексен кылабыз. Аз күндө Москваны багынтып, Кызыл Аянтта жеңиш парадын өткөрөбүз» - дешип, кутургандай жан талаша басып келе жатышты. Чындыгында эле Совет элинин ахыбалы ошол учурда эң оор эле. Фашисттердин айтканы чын болчудай туюлду. Дүйнө жүзү кулак түрүп, совет элине тилектеш элдер санаа тартышты.

Кандай болоор экен? Фашисттер чын эле Москвага кирип барышабы? Сансыз ойлор, үмүт, күмөн дүйнө элине тынчтык бербей турду. 1941-жылдын ноябрь айынын ичинде Москванын алдындагы Волокаламск багытында айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан. Немецтик баскынчылар ушул жер аркылуу Москвага катуу чабуул коюшту. Алардын жолун генерал-майор И. В. Панфиловдун командачылыгындагы 316-аткычтар дивизиясы тосуп, каршылык көрсөтүп жатышты. Дүйшөнкул Шопоков ушул дивизиянын 1075-аткычтар полкунда кызмат өтөөчү. 1941-жылдын 16-ноябрында панфиловчу 28 жоокер Дубосеково разъездин коргоого алышат. Фашисттер аябагандай көп аскер күчтөрүн, амал-айлаларын, кутургандай өжөрлүгүн салышып, үстөккө-босток чабуул коюшат.

Бирок советтик жоокерлердин эрки майтарылбады. Алар артта Москва бар экенин, чегинүүгө болбостугун айкын түшүнүп турушту. Кашык кандары калгыча салгылашып жатышып, баатырларча курман болушту. Бирок фашисттерди алга өткөрүшпөдү. Ал баатырлардын арасында кыргыздын уулу Дүйшөнкул Шопоков да бар болчу. Анда ал 28 жаштагы жигит кези эле. Ошондогу эрдиги үчүн Дүйшөнкулга Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Дүйшөнкул Чүй өрөөнүндөгү Шалта айлында туулган. Эмгекчил, боорукер, адамдарга кайрымдуу бала болуп өскөн.

Майданга аттанаарда коштошуп жатып айткан сөзүн жубайы Керимбүбү мындайча эскерет: «Керимбүбү, сен бул жакта мыктылап иште, биздин ордубузду жоктотпогула. А мен согушта душман менен тайманбай салгылашам. Жеңмейин келбейм». Дүйшөнкул сөзүнө бекем турду. Душман аны жеңе алган жок. Жубайы Керимбүбү Шопокова да мыкты эмгектенип, кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм алып, Социалисттик Эмгектин Баатыры болду. Бишкекте Жаш гвардия бульварында Баатырлардын аллеясы бар. Анда Дүйшөнкулдун эстелиги турат. Бул жерден эл үзүлбөйт. Баатырлардын эстелигине гүлдестелер коюлат.

Эрдигин сыймык менен эскеришет. Сокулук районундагы Краснооктябрьский шаарчасы 1985-жылдан Шопоков шаары деп аталган. Жыл сайын республикабызда бокс боюнча Дүйшөнкул Шопоковдун наамындагы байге үчүн бүткүл союздук мелдеш өткөрүлүп турат. Кыргыздын сыймыктуу уулу Дүйшөнкулдун ысмы, эрдиги жана жаркыраган элеси эч качан унутулбай, элибиздин жүрөгүндө сакталып, өсүп келе жаткан муунга үлгү болот деген ойдобуз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4737, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо